Турдакун Усубалиевдин сүрөтүн алмаштырып илгендерге чара көрүлүп, элден кечирим сурады. Кечирелиби?

Турдакун Усубалиевдин сүрөтүн алмаштырып илгендерге чара көрүлүп, элден кечирим сурады. Кечирелиби?

Мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын утурлай, 17-июлда Нарын шаарындагы борбордук аянтка баннер илинген. Бирок, ал баннерге башка, ага окшош кишинин (мурдагы транспорт министри Кыдырма Орозалиевдин) сүрөтү чапталып калган. Мындай олчойгон ката сайттарга жазылып, социалдык тармактарга тарап, коомчулук катуу талкууланган. Ошондон кийин, Нарын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Кубанычбек Чымылдаков сүрөттү жаңылып илгендер жоопко тартылып, аларга чара көрүлөрүн билдирген.

Жаңылгандарга кандай чара көрүлдү?

“Таза-Нарын” муниципалдык мекемесинин жетекчисине катуу сөгүш берилгени тууралуу Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов “Азаттыкка” бүгүн билдирген. «Ал боюнча териштирдик, чара көрдүк. “Таза-Нарын” ишканасынын директоруна катуу сөгүш берилди. Ага буюртма берип, алмаштырган балдарды териштирүү тапшырмасы берилди. Эки күн мурда шамалда айрылып калып, аны алмаштыруу боюнча буюртма берген экен. Сүрөттү Интернеттен караган экен. Ошол жерден 4-5 сүрөт чыгып, жарыгырак жана түстүү сүрөт экен. Калганы ак-кара түстө экен. Ал бала өзү да Усубалиевди көрүп, тааныбаган бала го. Аны да текшерип илишпей, ушинтип уят кылышты. Азыр алмаштырылды. Типография өз эсебинен чыгарып, элден да кечирим сурады»,-деген Э.Алымкулов.

Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ: “Киев көчөсүнө Усубалиевдин аты берилсе…”

Кыргызстанды 24 жыл башкарган Турдакун Усубалиев Нарын облусундагы Кочкор районуна караштуу Кочкор кыштагында 1919-жылы туулган. Ал өлкөнүн экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптанып-өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ушундай эмгегин эске алган ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков парламентте айтып, 100 жылдыгын жогорку деңгээлде белгилеши керектигин жана Усубалиевдин аты-жөнү Бишкектеги Киев көчөсүнө берилсе, жаңылыштык болбой турганын баса белгилеген. «Быйыл татыктуу уулубуздун мааракесин өткөрүү милдети турат. Турдакун Усубалиев кыргыз мамлекетин 25 жылга жакын башкарды. Бул убакыт ичинде жалпы дүң продукция 2,5 эсеге өскөн. Айыл чарба, мал чарбасы, дыйканчылык өнүктү. ГЭСтер курулду. Бишкек шаарындагы эң негизги маданий имараттар салынды. Бул кишинин эмгеги зор«, — деген депутат.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: “Усубалиевдин 100 жылдыгы КМШнын деңгээлинде белгилениши абзел”

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөө боюнча жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков (быйыл 4-февралда) кол койгон. Жарлыктын негизинде, 6-мартта өкмөттүн токтому менен Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрүү боюнча мамлекеттик уюштуруу комитети түзүлгөн. Комитет түзүлгөндөн кийин, ЖК депутаты Каныбек Иманалиев: “Турдакун  Усубалиевдин 100 жылдыгы Кыргызстандын гана деңгээлинде эмес, КМШнын деңгээлинде белгилениши абзел”,-деген. Ошондой эле депутат “Ак таажычан падыша” аттуу макаласында Турдакун Усубалиевди жакшы эскерген.

Мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 2015-жылы 6-сентябрда узакка созулган оорудан каза болгон.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.