Атамбаев Кыргызстанга келатканда кармалып, Салянованын ордуна отурабы?

Атамбаев Кыргызстанга келатканда кармалып, Салянованын ордуна отурабы?

ИИМдин кечээги (24-июлдагы) билдирүүсүнөн кийин ушундай суроо туулду. Алардын айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан кайткандан кийин суракка өзү барышы керек.

 «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин талабы боюнча Алмазбек Атамбаев күбө катары Тергөө кызматына суракка келиши керек. Мыйзам боюнча ИИМ анын өлкөдөн чыгуусуна тыюу сала албайт. Бирок ал мамлекетке кайра кайтып келээрин жарыялады. Алмазбек Атамбаев келгенден кийин мыйзамдуу талаага кайтып, өзү суракка келет деп ойлойбуз», — дейт ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова.

Атамбаев Бабановду “шестерка” деди эле го… Өзүчү?..

Алмазбек Атамбаев кечээ, 24-июлда Канттагы авиабаза аркылуу Орусияга учуп кетип, Путинге жолугуп, сүйлөштү. Атамбаев президенттик шайлоонун алдында Бабановду аябай эле ушактап, не деген гана сөздөрү айткан эмес. “Назарбаевдин шестеркасы” деп айтпады беле? Эми өзүчү, эмне болуп калат?..

Атамбаев Кыргызстанга 25-июлда, бүгүн кайтып келээрин билдирген. Айрым саясатчылардын билдирүүсүнө караганда, ал Кыргызстанга келатканда кармалып, камалат. Муну укса Атамбаев Орусиядан келбей коет го. Себеби, ал өтө коркок. Корккон үчүн Кой-Таштан чыккан жок. Бул бир. Экинчиден, 50дөй кишинин курчоосунда (анын да көбү аялдар) жатты. Үчүнчүдөн, суракка күбө катары барган жок. Төртүнчүдөн, Орусияга да качан гана коопсуздугуна кепилдик болгондо жөнөдү. Бешинчиден, Орусияга жалгыз эмес, беш адамдын (Карамушкина, Кодуранова, Мадеминов, Жолдубаева, Султанбеков) коштоосу менен кетти. Мунун баары анын коркоктугу, суу жүрөктүгү, таза эместигинен, мыйзамды сыйлабастыгынан, өтө пас адам экендигинен кабар берет. Эгер таза, ак болсо, мыйзамды сыйласа Саляновадай болуп суракка барат эле да. Ошонун азабынан Аида Жеңишбековна бүгүн абакта отурат. Кылгылыкты кылып коюп кантип басып жүрөт? Кантип уктап, тамак ичип жүрөт? Анын атын ататам деп бийлик күч менен кармап, ден соолугун, кичинекей кызын кыйнап атат. Окшошкон эки доско мындай мамиледе эмне деп айтаарыңды да билбейт экенсиң. Бу да болсо тарых. Акыры чындык жеңет!

Эрзат МЫРЗА   

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.