Үрөйдү учурган окуя Орусиянын Хабаровск крайында болгон. Бул тууралуу Орусиянын ММКлары жазып чыкты.
Алардын жазганына караганда, Николаевск-на-Амур шаарынынын тургуну 5-январда жети айлык эмчектеги баласын «таза аба жутсун» деп балконго чыгарып койгон. Бала беш саат жатып, тоңуп, чарчап калган. Ал күнү сырттагы аба ырайы -20 градус болгон. Бул факт катталып, ымыркайдын энесине «Адам өлтүрүү» беренеси менен айып тагылып, кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы