Бүгүн, 14-январда кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кезектеги сот отуруму улантылды. Айыпталуучулардын бири — мурунку президент Алмазбек Атамбаев. УКМКнын имаратында Биринчи май райондук сот баш коргоо чарасы боюнча көчмө сот отурумун өткөрүп, Атамбаевдин баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартылды. Ал 15-мартка чейин №1 убактылуу кармоочу жайда (СИЗО) камакта болот.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы