Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде, брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуккан дагы 10 учур катталган, алардын арасынан экөө медицина кызматкери. Жаңы учурлар Бишкек шаарында, Ош, Жалал-Абад облустарында катталган. Жаман илдетти жуктургандардын саны 280ге жетти.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы