Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин бүгүнкү, 17-апрелге карата билдирүүсүндө, бир сутка ичинде коронавирус 23 адамдан табылган. Ушу менен республика боюнча бул илдеттин жалпы саны 489ге жетти.
Эске сала кетсек, өзгөчө абал, өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылган. Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөтү 20-24-апрелде деп божомолдоодо Саламаттык сактоо министрлиги.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы