Коронавирус 67 кишиден аныкталды. Каза болгондор жок. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди. Алардын айтымында, Бишкек шаарында – 20, Жалал-Абадда 14, Ошто — 10, Баткенде — 9, Ысык-Көлдө — 7, Чүйдө жана Нарында үчтөн, Таласта бир адамдан вирус табылган. Учурда COVID-19 илдетине чалдыккан 517 бейтап ооруканаларда, 2054 бейтап үйүндө дарыланууда.
Эске сала кетсек, коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда мартта башталган. Айрым аймактарда (25-мартта) өзгөчө абал режими киргизилген. Мындай эреже 11-майдан тартып токтогону менен иш-чараларга чектөө бар.
Жалпысынан алганда, март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44828 адамга жугуп, алардын 40 779у айыгып чыгып, 1063 адам каза болгон.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы