Улугбек МАРИПОВ: «Мугалимдердин айлыгы жогорулайт»

Улугбек МАРИПОВ: «Мугалимдердин айлыгы жогорулайт»

Бүгүн, 5-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер майрамы. Эл агартуучуларды Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов майрамы менен куттуктап, айлыктары көтөрүлөрүн билдирди.

Улукбек МАРИПОВ: «Мугалим — бул жөн гана кесип эмес, өз өмүрүн ал кесипке арноо»

Мугалим — бул жөн гана кесип эмес, өз өмүрүн ал кесипке арноо. Ушул майрам күнү мугалимдерге сабырдуулугу, бизге төккөн мээрими жана билими үчүн ыраазычылык билдирем. Учурда мугалим болуу — ардактуу кесип гана эмес, өлкө жана эл алдындагы чоң жоопкерчилик. Анткени дал ушул мектепте келечектеги жарандын жана эл-жерин барктаган патриот инсандын негизи түптөлөт. Биз мугалимдердин талыкпас эмгеги жана өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ошол эле учурда мугалимдерди экинчи ата-эне катары урматташыбыз керек. Мамлекет өз кезегинде билим берүү кызматкерлеринин эмгек шартын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетти жумшайт. Кымбаттуу мугалимдер, сиздерге бакыт, чың ден соолук, бакубаттуулук жана ийгиликтерди каалайм!

Муну менен катар Улукбек Марипов президент мугалимдерге, дарыгерлерге жана маданият тармагынын кызматкерлерине өзгөчө көңүл бурарын да айтты: «Бүгүнкү күндө биздин мугалимдер, дарыгерлер жана маданият тармагынын кызматкерлери татыктуу маяна акы жана социалдык камсыздоо алуусу үчүн бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу иретинде бардык аракеттер көрүлүүдө. Үстүбүздөгү жылы биз медициналык кызматкерлердин жана маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулаттык. Эми мугалимдердин айлык акысынын өлчөмү жогорулатылат, анткени биздин мамлекетибиздин келечеги элдин билим деңгээлинен көз каранды. Мугалим кесибинин кадыр-баркын жогорулатуу зарыл»,-деди.

Белгилей кетсек, 5-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер майрамы. 1994-жылдан бери жүздөн ашык мамлекетте майрамдалып келсе, бизде бул күн Өкмөт токтому менен 2014-жылдан бери белгиленип келет.  Тагырагы, октябрь айынын биринчи жекшембиси мугалимдер майрамы болуп эсептелет. Болгону бизде мугалимдер майрамы октябрдын биринчи жумасы делип, датасы жылып турат. Бул жылы 3-октябрга туш келди.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.