МАЕК — Каныш САДЫРАЛИЕВА: «Биздин мектепке орус тили, математика, музыка мугалими жетишпейт»

МАЕК — Каныш САДЫРАЛИЕВА: «Биздин мектепке орус тили, математика, музыка мугалими жетишпейт»

5-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер майрамы. 1994-жылдан бери жүздөн ашык мамлекетте майрамдалып келсе, бизде бул күн Өкмөт токтому менен 2014-жылдан бери белгиленип келет. Болгону бизде мугалимдер майрамы октябрдын биринчи жумасы делип, датасы жылып турат. А негизи ардактуу кесип ээлери майрамында эле эмес, ар күнү сөз кылып турганга татыктуу. Анткени ааламда канча кесип болсо, ар биринин башатында мугалим турат. Ушундай ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү, ары сыймыктуу кесип ээси классташым, парталашым Каныш Садыралиева КУУнун география факультетинде кыялындагы кесипти окуп бүтүрүп, 32 жыл мугалим болуп эмгектенип, директорлукка чейин жетти. 6 жылдан бери Кара-Буура районундагы Жылдызбек Субанбеков атындагы инновациялык орто мектепти жетектейт. Майрамы менен куттуктап, кызыктуу маек курдук.

Алтын балалык… «Танцор диско»…

— Каныш, кечээ эле секелек окуучу кыз болсоӊ, бүгүн зыӊкыйган директорсуӊ. Артка сереп салып, ата-энеӊ, алгачкы мугалимиӊ, мектебиӊ, классташтарыӊ тууралуу айтып берсеӊ…

— Бактылуу балалыгым Беш-Ташта, мурдагы Жергетал совхозунда өткөн. Атам — ветврач, апам болсо, айылда бир чоӊ алма багы бар эле, ошондо иштечү. 9 баланы багабыз деп алтын ата-энебиз колхоздо иштеп жүрүп пенсияга чыгышкан. Мен 5 кыз, 4 эркектин жетинчисимин. Менден кийин ини-сиӊдим бар эле, тилекке каршы, сиӊдимдин, эки агамдын көзү өтүп кетти.  Улуубуз — Сабира эжем. 5-класста Арал айылына ушул эжемдин колуна баргам. Билесиӊ да, Сарлыкбек жездем менен Сабира эжем мугалим эмес беле, жездем кыргыз тили жана адабияттан сабак берчү.Мугалим болуп калганыма ушул жездем менен эжемдин эмгеги зор. Эжем жаш эрмек болгондуктан, менин жардамым керек болуп, балдарын багышып каралашканга барып, ошол жактагы мектепте окуп, ошол жактан аяктадым. Ал жерден көптөгөн курбуларды (Гүлбайра, Алтынкыз, Лариса) таптым. Эӊ жакын курбум, классташым Гүлбайра Сейдалиева болчу.

Ал дагы башка айылдан эжесинин колуна келип окуган. Кошуна да болдук, бет маӊдай үйдө жашачу. Сабакты дагы, адабий китептерди дагы чогуу окучубуз. Гүлбайранын колу жөндөмдүү болчу, бир нерсени жакшы тикчү. Сүрөттөн эмне көрсөк, ошондой фартук тигип кийчүбүз. Бирге жүрүп, бирге турдук. Киного да чогуу барчубуз. Ал келип мени эжемден сурап, мен барып анын эжесинен сурап кетчүбүз. (Күлүп) Ал учурда киного сурануу деген азап эмес беле. Сурана албай, зымпылдатып үй жыйнап, тамак жасап, кир жууп, иши кылып баарын жасачубуз, эсиӊдеби?.. Эсимде, «Танцор диско» индия киносу келгенде, сурана албай жаман болгонбуз. (Күлүп) Ошол кино менен «ооруп» калбадык беле, «Жимми» деп…

Көрсө, сурана албаганыбыздын баары ата-эне тарбиясы экен. Ойлосом, мыкты тарбия беришиптир, «Улууну урматта, кичүүнү ызатта» деп. Ушул эле макалда эмне деген философия жатат. Бизди жарык дүйнөгө алып келип, ыймандуу кылып таалим-тарбия берген ата-энебизге башымды ийип таазим кылам. Ата-энеден кийинки эле ата-эне — мектептеги мугалимдер болду. Менин биринчи мугалимим Мезгил эже эле. Мен мектеп босогосун 1977-жылы Талас районундагы Беш-Таш айылындагы Калба орто мектебинде, азыркы Анарбек Солтобаев атындагы мектептен аттагам. Сыр жыттанган парталар, форма, фартук кийген, ак бантик тагынган окуучулар… Жадырап-жайнап, кучак жайып тосуп алган эже-агайлар… Мезгил эже менен мектеп директору Афина эже эсимде калды. Мыкты мугалимдер болду. Дагы эсимде калганы Нурлан деген классташ бала болду. Кичине болгонумду аячубу, айтор, билбейм, үйүмө чейин сумкамды көтөрүп келчү…

Эсте калган мыкты мугалимдер…

— Арал орто мектебинде эсимде калган мыкты мугалимдер: Бектур агай, Руслан агай, Дилдекан эже, Болот агай, мугалимдик кесипке биринчи түрткү болгон Сабира эжем менен Сарлыкбек жездем, анан жогорудагы аты аталган агай-эжелерим. Бектур агайдын сабагын кызыгып күтчү элек. Сабак өтүү стили, ыкмасы бир башкача эле го. Ар бир каарманды образдуу айтып берип, кызыктуу сабак өтөр эле. Ошого таасирленип, «кийин кыргыз тили жана адабияттан сабак берген мугалим болом» деген кыялга жетеленчүмүн. Кийин кайра географиядан сабак берген мугалим болом деп чыктым. Себеби, географиядан сабак берген Болот агай: «географияны жакшы окусаӊар, дүйнө кыдырасыӊар» десе, аалам кезип кетким келдиби, билбейм, айтор, Кыргыз мамлекеттик университеттин география факультетине тапшырып, ушул кесиптин ээси болдум. Биздин келечекке жол салып, ардактуу кесипке ээ кылган мугалимдерибизге тереӊ ыраазычылык билдирем. Сыймыктанам, ардактайм, эмгектерин эч унутпайм! Бардык мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, бардык жакшылыктарды каалайм. Сабира эжем менен Сарлыкбек жездем мыкты мугалим эле эмес, мыкты ата-эне да болду. Мына, алар тарбиялаган Темирлан аттуу баласы айылга эле эмес, ааламга таанылган жигит болду. Кыргызстанда жана Анкарада Манас атабыздын эстелигинин ачылышына салым кошкондордун бири. Учурда Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы.

Союз убагындагы мугалимдер. «Айлыгы аз» деп «качкан» жаштар…

— Каныш, жаш кезинде турмуш курдуң. Турмуш менен кесибиңди чогуу алып кетүү кыйындыкка турдубу?

— Жогорку окуу жайда 3-курста окуп жүргөндө турмушка чыктым, 4-курста сырттан окууга өтүп, үй-шартка байланыштуу айылга келдик. Кара-Буура районуна келин болгом. Жолдошум — Улан Султаналиев. Беш баланын ата-энесибиз. Уул үйлөп, кыз узаттык, алты неберебиз бар. Жолдошум «Окууңду ташта, үйдө отур» деген жок. Сырттан окутту. Сүйүктүү кесибимди түшүнүп, колдоп келаткандыктан 32 жылдан ашуун мектепте иштеп жатам. Тылың бекем болсо жакшы экен.

Сырттан окуп калгандыктан, 91-жылдардан баштап иштей баштадым. Болгондо да кесибимден баштадым, Кара-Буура районундагы Б.Мырзабаев атындагы мектепте, кийин Манас орто мектебинде иштедим. Азыркы иштеп жаткан жерим — Кара-Буура районундагы Жылдызбек Субанбеков атындагы инновациялык орто мектеп. Бул жерге мен 1997-жылдары келгем. Эки жыл иштегенден кийин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп калдым. Анда директор Асия Шаболотовна болчу. Тажрыйбалуу, мыкты директор болуп иштеди, ал кишинин иш тажрыйбасынан тарбия алып калганбыз. Ак эмгегимдин арты менен, эмгек жамаатынын колдоосу, ишеним көрсөтүүсү менен 2015-жылы директор болдум.

— Директор болуу кыйын бекен?

— Албетте, өтө жооптуу кызмат. Мектепте мугалимдер, окуучулар менен жүрө берип, үйгө кеч барасың. Эртең менен эрте келесиң дегендей… Анда-санда эле балдарымды сурап, сүйлөшүп калам. Жолдошум да «өзүндүн балдарыңды унутуп койдуң го» деп калат. Бул чындык, баарын унутуп мектепте эле жүрөм. Анткени мага эки эсе жумуш, милдет жүктөлдү да. Биздин мектеп эки тилдүү: кыргыз, орус. 1200 окуучу бар, 60 мугалим эмгектенет. Ар бир окуучунун, мугалимдин жүгүн көтөрөсүң. Андан тышкары, чарбачылык, техникалык иштер, донор жана ата-энелер менен иштөө маселеси бар. Мектеп – бул экинчи үй-бүлө. 1200 окуучуну тарбиялоо – биздин милдет. Окуучулардын ийгилиги – мугалимдердин ийгилиги. Ошол ийгиликке чейин мугалимдерге да жакшы шарт түзүп берүү керек да. Мугалимдердин эмгегинин натыйжасында ийгиликке жетишип келатабыз. Учурдан пайдаланып, эмгек жамаатты кесиптик майрамы менен куттуктайм!

— Мугалимдер жетиштүү элеби? Кайсы сабактан мугалим жетишпейт? Кадр, маяна маселеси кандай?

— Биздин мектепке орус тили, физика, математика, музыка, сүрөт сабактарынан берген мугалим жетишпейт. Айлык саатка жараша төлөнөт. Саат аз болгон жерге жаштар турбайт экен. Союз убагындагы, пенсиядагы мугалимдерибиз эмгектенип келатат. Кадр маселеси, айлык маселеси жагынан аксап келатабыз. Практикага жаштар келет. Мурда эки жыл болчу, азыр 3 жыл. Практикасы бүткөнчө иштешет дагы, башка жумушка же чет жакка кетип калышат. 5-6 миң сом айлыкка жаштар иштебейт экен. Ушул жерде турмуш куруп калгандары эле мектепте мугалим болуп кармалып калбаса, иште деп кармап калуу кыйын. Анан бизде эркек мугалимдер жетишсиз. Агайлар болсо балдарга тартип катуу болот эле дейм да.

— Азыр анын үстүнө «ата-энеси болушчаактын баласы ыйлаак» дегендей эле болуп жатпайбы…

— Туптуура, ошондой эле болуп жатат. Балдардын укугу мугалимдердин укугунан жогору коюлуп, орой айтканда, биз алардын «тебелендисинде» эле калдык. Азыр балдарды тарбиялайын деп катуу үн көтөрсөң эле ата-энесине чуркап барып даттанат, алар дароо прокуратурага арыз жазат. А биздин укуктуу ким коргойт?  Ушул суроо да ачык бойдон калып келет.  Биздин убакта мугалимдер окуучуларды кандай тарбиялачу эле! Алардын айтканы бизге закон эмес беле. Бейбаштык кылган окуучуну указка менен колго чапчу. (Күлүп) Руслан агай бейбаш балдарды бор менен урчу эле го. Ал бор балдарга тийбей кыздардын бетине тийип калган күндөр да болгон. Даттанып барсак, «Ырас болуптур, ээнбаштык кылдың же сабак окубай бардың да» деп урушуп коюшчу эле го. Эсиңдеби, китебин унутуп барган балдар, ошол сабак бүткөнчө ары карап бурчта турушчу эле. А азырчы? Таптакыр башкача система түзүлүп калган да…

Ата-эненин эрке баласы. Кымбат кийинген окуучулар. Хиджаб маселеси…

— Азыркы окуучулар китепке кызыкпай калышпадыбы… Китеп окушпайт, сотка чукулашат…

— Ооба, аларды азыр китеп кызыктырбайт, телефон кызыктырат. «Тиги марка, бу марка» деп телефондун дагы акыркы үлгүсүн алышып, ар нерсени көрүшөт. Алып койсоң ата-энесине даттанышат. «Телефонду мектепке келатканда алып койгула же азыраак карасын, керектүү нерсени гана көрсүн. Балдарыңарды үйдөн да жакшы көзөмөлдөгүлө, тарбиялагыла!» деп ата-энелерге айтып эле жатабыз. «Сабакка тиешелүү нерсени карайм» деп алдап коюп, башка пайдасыз нерселерди көргөндөр, керексиз оюндарды ойногондор көп болууда. Аларды тыйып кое албайт экенбиз. «Сиздер телефонун алып койгулачы, балабыз бизди укпай калды. Катуу айтсак, бир нерсе болуп кетеби деп коркобуз» деп келген ата-энелер да болот. Ата-энесин укпай калган бала, бизди угабы? «Баланы башынан, аялды жашынан» деп бекер айтылбайт да. Башынан тарбиялаш керек! Сотка эмес, китеп сатып берүү керек, окутуу керек. Китеп окусак деле, ата-энебиз: «Биздин заманда мындай эле» деп бизге ошол учурдагы окуяны айтса, кунт коюп укчубуз. Бизге жомоктой сезилгени менен ишенчүбүз да. А азыр балдар эч нерсеге ишенбейт. Ошол убак бизге келиптир, 51 жашка чыгып калдык. «Биздин убакта мугалимдер мыкты болчу, ошондон улам биз ушундай даражага жеттик, бир кесипке ээ болдук» деп эже, агайлардын тарбиясын сыймыктануу менен окуучуларыма айтып калам.

— Кийим жагы да проблема болуп жатабы: бири мини, бири хиджаб кийип дегендей…

— Бирдиктүү форма кийинүү жоюлуп кеткени жаман болду. Ушул маселени да баса белгилеп, окуучуларга: «Биздин убакта форма кийип, ак фартук, ак бантик тагынчубуз. Мугалим менен окуучунун айырмасы билинип турчу»,- деп айтып калам. «Эркин форма» дегенди айрым окуучулар башкача түшүнүп алууда. 11-класстагы окуучулар мугалимден да кымбат кийимдерди кийип келишет. Албетте,  хиджаб кийип келгендер да бар. Мындай көрүнүш, бул маселе биздин мектепте эле эмес, бардык мектептерде болсо керек. Акыркы эки жылда аябай күч алып кетти. Айрым кыздар эми жоолукту жалбырактатып алып салынып келишет. Атүгүл капкара жоолук салынып келгендери да бар. Антип келген окуучуларга: «кара жоолукту жамандыкта салынат, ак жоолук салын э» деп акырын түшүндүрөбүз. «Жоолук салынбай кел!» деп кесе да айта албайбыз. Ата-энеси менен да сүйлөшүп, «кара эмес, ак жоолук салсаңар» деп суранабыз. «Биздин мектеп инновациялык мектеп болгондон кийин ак кофта, кара юбка, кара шым кийгиле! Юбкаӊар тизмеден ылдый болсун!» деп окуучуларга айтып, бирдиктүү форманы кийгизүүгө аракет кылуудабыз. Бул маселе боюнча ата-энелерге да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келатабыз.

Ары жооптуу, ары кооптуу кесипти тандап алган, 32 жылдан бери айлыгынын аздыгына карабай, кесибин ардактап эмгектенип келаткан Каныш классташыма терен ыраазычылыктан башка сөз жок… 

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.