Акылбек ЖАПАРОВ: «Министрлер кабинетиндеги кызматкерлердин 30 пайызы кыскарат»

Акылбек ЖАПАРОВ: «Министрлер кабинетиндеги кызматкерлердин 30 пайызы кыскарат»

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Министрлер кабинети тууралуу», ««Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация тууралуу» жана «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоорун 2-окууда карап, талкуулап жатышат.

Депутаттардын суроолоруна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жооп берүүдө. Ал Министрлер кабинети тууралуу мыйзам ишке киргенден кийин, өкмөттө иштегендердин 30 пайызга кыскарарын айтты.  Депутат Айнура Осмонова: “Структуралык өзгөртүүлөргө байланыштуу кыскартылган кызматкерлер иш менен камсыздалабы?” – деп сураганда, ал кыскартылган кызматкерлерге тиешелүү компенсация төлөнүп берилерин айтты. «Эмгек кодекси боюнча кенемте төлөнөт. Буга каражат бар. Эми өкмөттүк аппаратка чейин көтөрүлгөн кызматкерлер ишсиз калбайт деп ойлойм. Ал эми иш таба албагандар арга жок, жумушсуздук боюнча жөлөк пул алышат»,-деди А.Жапаров.

Акылбек Жапаровдун маалыматына караганда, президенттен тартып, катардагы жумушчуларга чейин, жалпы 368 миң адам бюджеттен айлык алат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.