«Мегаком» иши боюнча эл аралык арбитраждык сотто Кыргызстан утту

«Мегаком» иши боюнча эл аралык арбитраждык сотто Кыргызстан утту

Кыргызстан Penwell Business Limited компаниясынын Кыргызстанга каршы эл аралык арбитраждык сотко берген доосунда утуп чыкты. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору билдирди.

Алардын маалыматына таянсак, доогер талап кылган 298 миллион доллар өлчөмүндөгү кенемтени сот толугу менен канааттандырган жок. Арбитраждык соттук кеңеш доогер Кыргызстанга инвестиция алып барууда жергиликтүү өнөктөштөрүнүн жардамы менен бир нече ирет коррупциялык иш-аракеттерге барганын аныктады. Өкмөттүн соттук өкүлчүлүк борбору Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдык тарыхында эл аралык арбитраждык сот чет элдик инвестордун талабын толук четке каккан алгачкы учур болгонун билдирди.

Белгилей кетсек, Penwell Business Limited компаниясы 2017-жылдын июлда Кыргызстанды эл аралык арбитраждык сотко берип, өлкө «БиМоКом» (MegaCom) компаниясынын инвестицияларын ээлеп алган деп даттанган.

Кыргыз өкмөтүнүн эл аралык деңгээлдеги соттук ишине Willkie Farr & Gallagher LLP юридикалык фирмасы тартылган.

Эске сала кетсек, MegaCom иши боюнча 2017-жылы Кыргызстанда бир катар саясатчылар, анын ичинде «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова ж.б. камалып, коррупциялык иштерге айыпталган, кийин айрымдары толук акталып чыккан.

MegaCom уюлдук байланыш түйүнү 2006-жылдын 28-апрелинде коммерциялык түрдө ишке кирген.

2012-жылы 30-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги Коррупцияга каршы күрөш кызматы компанияда текшерүү жүргүзүп, кирешелерди чыгарып кеткен, менчиктеп алган жана акча каражатын ысырап пайдаланган учурлар аныкталганын, жалпы 142 млн. сомдон ашык зыян келтирилгенин кабарлаган.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин коммерциялык уюмдун кызматкеринин укуктарын ашыкча пайдалануу, ишенип берилген мүлктү кыянаттык менен колдонуу, жасалма документ, көз боемочулук беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Салима  ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.