Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин камалды. Бул боюнча УКМКнын билдирүүсү…

Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин камалды. Бул боюнча УКМКнын билдирүүсү…

Бишкектеги «Дордой Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин камалганын УКМК билдирди.

Алардын маалыматына караганда, айыл чарба азыктарын экспорттоого байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө айып тагылды. ЕАЭБ өлкөлөрүнө өндүрүүчүлөр продукциянын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан. Иликтөөнүн жыйынтыгында, Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин айрым кызматкерлери, бул коррупциялык схеманы уюштурган логистикалык компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле «Дордой Дыйкан» базарынын директору С.Э.М кармалып, жоопко тартылган. Ал тергөө бүткөнгө чейин камакта болот.

Эркин Салымбеков тууралуу кенен маалыматты жана анын маегин жакын арада беребиз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.