УКМК ырайым кылуу боюнча комиссиянын жооптуу катчысын кармады

УКМК ырайым кылуу боюнча комиссиянын жооптуу катчысын кармады

Пара талап кылууга шектелген президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын А.Т.Б. аттуу жооптуу катчысы кармалганы тууралуу УКМК расмий маалымат таратты.

Маалыматка караганда, комиссиянын жооптуу катчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Жеке өзүнө пайда алуу максатта соттолгон адамдын маселесинин оң тарапка чечүү жана ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп “С.Н.” аттуу жарандан 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Шектүү кечээ, 18-октябрда (ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө) 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 2020-жылдын соңунда президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде абакта отурган 230 адамды мунапыс боюнча бошоткон, дагы 38 адамдын жаза мөөнөтүн кыскарткан. Президенттин ошол кездеги басма сөз катчысы Галина Байтерек ырайым берүү боюнча эки миңден ашык кайрылуу каралганын, президенттин жарлыгы боюнча 200дөн ашык ырайым берилгенин билдирген.

Мыйзам боюнча, мунапыс маселеси алгач парламентте үч окууда талкууланып, чечим кабыл алынгандан кийин президенттик аппаратта каралат. Улгайган адамдар, өспүрүмдөр жана аялдар бошотулган мунапыс Кыргызстанда быйыл май айында эле болгон. Жалпысынан Кыргызстандын түрмөлөрүндө он миңге жакын адам кармалары буга чейин кабарланган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.