Кыргызстан менен Казакстан патенттери эмне болгон меморандумга кол коюшту?

Кыргызстан менен Казакстан патенттери эмне болгон меморандумга кол коюшту?
Бүгүн, 20-октябрда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) Казакстандын Юстиция министрлигинин Интеллектуалдык менчик улуттук институту (Казпатент) менен өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Казпатенттин директору Ербол Оспанов кол коюу салтанатын ачып,  Рахат Керимбаеваны Кыргызпатенттин директору кызматына дайындалышы менен куттуктап, Меморандумдун алкагында эки ведомствонун ортосундагы кызматташтыктын багыттарына токтолуп өткөн.
Рахат Керимбаева өз кезегинде, аталган Меморандумга кол коюу эки ведомствонун өнөктөштүк мамилесин чыңдап, бирге алгылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөрүн баса белгилеп, Ербол Оспановду 27-октябрда Бишкек шаарында өткөрүлүүчү алгачкы көп функционалдуу мамлекеттик инновациялык борбордун ачылыш аземине чакырган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.