Жыргалбек Касаболот учак сатып алуудагы кадамдын артыгын чыгарган үч жагдайды баса белгиледи

Жыргалбек Касаболот учак сатып алуудагы кадамдын артыгын чыгарган үч жагдайды баса белгиледи
Белгилүү журналист, акын, котормочу, конфликтолог Жыргалбек Касаболот «Мамлекеттик коопсуздук — мактанычтын предмети эмес» аттуу кезектеги макаласын «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды. 
«Мамлекеттик коопсуздук — мактанычтын предмети эмес»
Кыргызстан Түркиядан «Байрактар», ал эми Орусиядан «Орлан-10» деп аталган учкучсуз учактарды сатып алганы жатыптыр. «Азаттыктын» маалыматы боюнча, бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 21-октябрда журналисттерге билдирген. Демек, бул маалымат ачык жарыяланды.
Албетте, эгерде учкучсуз учактар келе жатканы чын болсо анда Кыргызстан үчүн абдан жакшы. Муну уюштургандарга, тиешелүү сүйлөшүү жүргүзгөндөргө өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу аракети үчүн ырахмат гана айтыш керек. Тажикстандын агрессиясы жана өлкөнүн аскердик аракеттер театры тоолуу типке киргени мындай учактардын зарылдыгын так, даана көрсөткөн. Дагы бир кошунабыз менен чек ара маселеси кандай чечилери белгисиз. Андыктан дагы кайталайбыз, учкучсуз учактар келип жатса жана мамлекет чын эле аны өз акчасына сатып алып жатса — бул эң сонун.
Бирок ушул кадамдын артыгын чыгарган үч жагдай оркоюп көрүнүп калды. Биринчиден, аны алып келгенден кийин гана жыйынтык чыгарса болот. Антпесе шайлоо сайын элге көрсөтүлүп калган, бирок кеңири сатыкка чыкпаган биздин электромобилдердей эле болуп калат. Же бийлик мактанганын койбоду, же көчөбүз ошондой машинелерге толуп кетпеди. Колдон келсе иш бүтүп, артка кайткыс болгондон кийин гана жыйынтык чыгарса болот. Андыктан колго тийгенче мактабай кое туралы. Мактаганга качан болсо жетишебиз.
Ырас, башка мамлекеттер да бири-бирине сүр көрсөтүүдө аскердик техникасын демонстрациялап, алардын күчүн сынап көргөн учурлар толтура. Бирок алар деле колуна тийген курал менен эскертет. Сатып алына элек нерсени алдын-ала айтпайт.
Экинчиден жана эң негизгиси — мындай маалыматтар ачык айтылбай тымызын бүткөнү жакшы. Мушташып жатсаң деле «мен сени баштан ары чабам» дегенсип колуңду көтөрсөң каршыңдагы неме башын калкалайт го. Каяктан эмне кылып урарыңды эч ким билбеши керек. Колуңда кандай курал бар экенин эч ким билбеши керек. Ал тургай сенде эч нерсе жок экен деп келип күтүүүздөн куралыңа сайылып калганы жакшы.
Дүйнөдөгү эң милитаризацияланган өлкөлөрдүн бири болгон Израил мамлекети өзүнүн аскердик операциялары тууралуу эч кандай комментарий бербейт. Анын өзөктүк куралы бар экени эчак эле айтылган, бирок моюнга албайт. Атайын кызматы — эң жашыруун органдардын бири.
Үчүнчүдөн, мындай келишимдерди түзүүдө өнөктөш өлкөлөр деле иш жашыруун болушун каалайт. Аларга бериле турган ар кандай суроолорду көбөйтүп, ишти татаалдаштырбай эле койгон оң. Сөз болуп жаткан мамлекеттер маалымат бербегенине караганда алар деле мунун ачыкка чыгышын каалашпайт. Эгерде мындай келишимдердин жашыруундук шарттары болсо жана аткарылбай калса, алар нааразы болуп аны токтотуп коюшу да мүмкүн. Ошондуктан баштала элек ишти дардактап мактаныч үчүн өлтүрүп албаш керек. Убагында Ооганстандагы Түндүк Альянска курал берүү жөнүндө бир нече өлкөнүн жашыруун келишимин аткаруунун алкагында Бишкектен кетип бараткан эшелонду кармап, ЖМКга чыгарып жиберип биздин дипломатия тиешелүү өнөктөштөрүнө уят болгон. Аны кармап жарыялап жибергенден кийин өз катасын түшүнүп, сыймык менен айтпай калды.
Мамлекеттик саясат кайсы бир маалыматтын баса көрсөтүлүп, башкалары тескерисинче жашыруун калышын талап кылат. Ушул өңүттөн алганда бийлик биздин активисттердин Тажикстанды Эл аралык сотко берүү аракеттерин ачык колдоп, ал эми ага каршы аскердик аракеттердин мазмунун жашыруун калтырышы керек болчу. Ушунун баары жеке дымактан жогору турган мамлекеттик кызыкчылыкка жетишибизге али көп бар экенин көрсөтүп турат.
Кудай буюруп чын эле ушул учкучсуз учактар биздин колго тийип, биздин пайдабызга жарап калсын. Бирок өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу аракеттери ушуну менен эле бүтүп калбайт. Дагы далай куралдарды сатып алып, дагы далай иштерди жүргүзүүгө туура келер. Андыктан жогоруда айтылган өңүттөр ушул багыттагы болочок аракеттердин алкагында эске алынса деген тилек.
Жыргалбек КАСАБОЛОТ

Камчыбек ТАШИЕВ: «Президент тапшырма берди, биз аткарып жатабыз!»

Эске сала кетсек, кечээ, 21-октябрда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Түркиядан «Байрактар»,  Орусиядан «Орлан-10» учактарын мамлекеттик бюджет эсебинен сатып алып жатышканы боюнча айткандары интернет айдыӊын аралап сабалап учкан кабарлардын катарын толуктады. Айтылган кептен үзүндү берсек, атайын кызмат башчысы: «Мындан ары биз курал-жаракты өзүбүздүн акчабызга өзүбүз сатып алууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү. Президент тапшырма берди, биз аткарып жатабыз!«, — деди. Бирок, Камчыбек Кыдыршаевич сатып алынган бул техникага мамбюджеттен канча акча кеткенин мамлекеттик сыр катары ачыктабады.
Кыскасы, кечээ, 21-октябрда, УКМКнын тутумундагы Чек ара кызматына жаңы аскердик техникалар тапшырылды. Ал иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.