Алайдагы көмүр кенине каршы болгондор кайрадан митингге чыгышты

Алайдагы көмүр кенине каршы болгондор кайрадан митингге чыгышты

Ош облусунун Алай районундагы Согонду айылында көмүр кенин казууга каршы болгондор кайрадан нааразычылык акциясын өткөрүштү. Элет тургундары айылдан 2500 метр нары аралыктагы Тайгак-Таш аймагынан көмүр казууга каршы. Кен иштетүүнү каалап жаткан компания чалгындоо иштерин кайра баштаганын, эгер көмүр казылып баштаса, экология бузулуп, суу булганаарын айыл тургуну Миртемир Рахманбердиев «Азаттыкка» айтып берген.

Нааразы эл менен Алай районунун акиминин орун басары Шерикбай Жапанов жолуккан. Согонду айылынын башчысы Кылыч Мусаев кен казууга элдин көбү соңку жылдардан бери каршы болуп келатат дейт. Айтмакчы, Кылыч Мусаев эл көтөрүп жаткан маселеде эл менен бирге.

Алай районунун акиминин эл менен жолукканы барган, элдин Өлкө башчысына кагаз жүзүндө кайрылган кайрылуусун алган Шерикбай Жапановдун айтымында, элге буга чейин да  түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, жагдайларды түшүндүрүүгө аракет кылышкан, бирок тургундар жыйындан чыгып кетишкен. Анын пикиринде, компания мыйзам чегинде эле иш алып барып жатат.

Эл болсо: «буга чейинки түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү болгон жыйындардан жаш-кары дебей каршы болгонубуз үчүн чыгып кеткенбиз, аны булар (губернатор, акимдер — ред.) жакшы билишет» дейт…

Аким орун басары болсо: «Мамлекет “Бикипинг” ишканасына чалгындоого уруксат берген. Компаниянын бардык тиешелүү документтери бар. Мен эколог эмесмин. Бирок экологияга зыяны жок деген документи бар. Көмүр казгандан кийинки калдыктары кайда төгүлөт аны билбейм […] Экономиканы өстүрүш үчүн кенди иштетиш керек», — дейт. Анын айтымында, «Бикипинг» тийиштүү уруксаттарды алган. Кыязы, экологияга зыяны жок деген бүтүм да бар.

Анткен менен, башта белгилегендей, кендин иштешине айыл тургундарынын баары караманча каршы. Чалгындоо үчүн уруксат алынды деген иштетилет дегенди эле түшүндүрөт дешет. Кендин зыяндуулугу боюнча 12 жылдан бери какшап айтып, каршы болуп келишет. Ал боюнча кабат-кабат кайрылууларды да жазышкан. Кен эл саламаттыгына да, экологияга да зыян келтирчү жайда. Согонду айылдык кеңешинин төрагасы Таалай Орозали уулунун пикиринде, көмүр казылчу тилке калк жашаган айылдарга жакын болгондуктан, эл көмүр ташыган жүк унаалар айылда тыгын жаратып, экологияны бузат деп чочулап жатат. Жалпы элдин айткандары боюнча, кен жайгашкан коктуда булак бар, коктудан бир аз ылдый  түшкөндөгү сайда жалпы Гүлчө эли суу иччү Гүлчө суусу бар, нарыраакта үлүш жерлер, бери жакта мөмө-жемиштер бар, алар куурайт, жерлер талкаланат.

А бирок, аким орун басарынын турган турпаты, маанайы, кеби көмүр казчу компаниянын колдогон кожосу олуттуу адамдардай эле элес калтырды. Болгондо да өтө олуттуу адамдардай…

Маалымат үчүн, кенди чалгындоого «Бикипинг» жоопкерчилиги чектелген коому үч жылдык мөөнөт менен 2017-жылдын декабрь айында уруксат алган. Аталган коом ушул жылдын 8-октябрында Юстиция министрлигинен  кайра каттоодон өткөн. Министрлик базасындагы маалыматта негиздөөчү  катары «Тиэнь Йоу» ЖЧКсы жана Мустафа Турганбаев көрсөтүлгөн. «Тиэнь Йоу» ЖЧКсынын директору болуп Лю Пужун деген адам эсептелет. Компаниянын негизги иши — көмүр казып алуу.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.