Жумадил АДАШОВ: «Чоңойсом көп милицияны башкарган генерал болом!»

Жумадил АДАШОВ: «Чоңойсом көп милицияны башкарган генерал болом!»

РЕДАКЦИЯДАН: Биздин редакция көптөн бери Ички иштер министрлиги менен кызматташып, «Ар бир адам — бир аалам» аттуу рубрика алдында ары кооптуу, ары жооптуу кызматта иштеп жаткан ИИМдин эр-азаматтары, айымдары тууралуу макала-материалдарды сүрөттөрү менен жарыялап келет.
Бу жолу кичинекей каарман тууралуу кеп болот. Ал  2013-жылы кызмат учурунда курман болгон милициянын старшинасы Атаханов Ниязалы Адашовичтин уулу. 5-класста окуган Жумадил Адашов кечээ президент Садыр Жапаровдун колунан белек алса, бүгүн ИИМден белек алды.

ИИМ: «Үй-бүлө өмүр бутагы, бала өмүр булагы»

Мекенин, үй-бүлөсүн коргоо ар бир жигиттин милдети экенин ар бирибиз жакшы түшүнсөк керек. Бул жоопкерчиликти тереңден түшүнүп, Мекендин түйшүгүн жонуна артынып, эли үчүн кызматын өтөп келе жаткан уул-кыздарыбыз ички иштер органдарында кызмат өтөйт. Бирок тилекке каршы, кылмышкерлер менен аёосуз күрөшүп, элибиздин тынчтыгы менен бейпил жашооосун камсыздайм деп жүрүп кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлерибиз жок эмес. Алардын ысымдары алтын тамгалар менен Кыргыз милициясынын тарыхында жазылып калганы менен, артында ый-муңга, ызага толгон ата-энеси, жесир калган жубайы, жетим калган балдары бар эмеспи.
ИИМ жетекчилиги кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин атын өчүрбөй, элесин түбөлүккө сактап, жаш тартип сакчыларына үлгү болуусу үчүн ар кандай спорттук иш-чараларды өткөрүп, майрам учурларында үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүп, моралдык жактан дагы колдоо көрсөтүп келүүдө.

Атадан калган туяк

2013-жылы кызмат учурунда курман болгон милициянын старшинасы Атаханов Ниязалы Адашовичтин 5-класста окуган уулу Жумадил Адашов кечээ, 24-декабрда Президенттик балатыга катышты. Мектепти жакшы окуган, идиреги күчтүү, үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланган тартип сакчысынын баласы өлкө башчысындай болуп мамлекетибизге, элибизге кызмат кылууну кыялданганын, президенттин колунан белек алганына кубанганын айтып берди. Анын апасы Самара Эсенбаева да милиция кызматкери, Жалал-Абад ШИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө боюнча инспектор. Жолдошу курман болгондо, анын атын өчүрбөө максатта милиция кызматкери болууну чечкен.
Бүгүн, 25-декабрда ИИМдин кызматкерлери Жумадил Адашов менен жолугуп, майрамдык маанай тартуулашып, өздөрү менен кошо белек катары алып барган китептерди, таттууларды тапшырышты. Ошондой эле, Жалал-Абад облусунан Жумадил менен кошо келген 30 баланы дагы келе жаткан жаңы жылы менен куттукташып, ИИМдин кызматкерлери белектерди беришти.  Жумадил Адашов ата-энесинин кесиптештери менен маектешүүдө, ал чоңойгондо ата-энесиндей милиция кызматкери болорун айтып берген. “Келечекте атамдай, апамдай Мекениме кызмат кылган милиция кызматкери болсом деп кыялданам. Азыр 5-класста окуйм. Чоңойсом көп милицияны башкарган генерал болом”,-дейт Жумадил.
Кесиптешибиздин уулу Жумадилге кең келечек каалап, ой-максаты орундалып, келечекте Кыргызстан сыймыктанган милиция кызматкери болооруна тилектешпиз.
ИИМдин Басма сөз кызматы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.