Бүгүн, 11-апрелде балдарыңыздарды 1-класска электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Алардын маалыматына караганда, мектеп жашындагы балдарды 1-класска кабыл алуу mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.
Биринчи этап: 11-апрелден 27-июнга чейин – катталган жери боюнча.
Экинчи этап: 27-июндан 10-сентябрга чейин – учурда жашап жаткан жери боюнча.
Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр үчүн баланы мектепке кабыл алуу тууралуу арыз берүүнүн кадамдык нускамасы: https://edu.gov.kg/posts/441/
Толук маалымат алуу үчүн телефондор: (0312) 988 940, +996 220 022 196, +996 220 022183, +996 220022381
Буга чейин Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев балдар эми 6 жаштан баштап милдеттүү түрдө 1-класска барарын билдирген. Министрдин мындай маалыматы коомчулукка жакпай, алигүнчө социалдык тармактарда кызуу талкууланууда…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы