Эсен болуп, эстей жүр!
Белгилүү манасчы, Маданияттын мыкты кызматкери Салимбай Турсунбаев былтыр (2021-жылы) 22-сентябрда кан басымы көтөрүлүп кетип, 62 жашында каза болгон. Ал “Балдардын атайын билим берүү борборунда” “Манас сабагы” боюнча мугалим болуп эмгектенип, бир топ жаш манасчыларды таптап, артына шакирт калтырган. Шакирттеринин бири — Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жетекчиси, манасчы, алып баруучу Азиз Биймырза уулу. Ал устаты тууралуу эскерүү жазып, биздин редакцияга жөнөттү. Анда эмесе, чогуу тыңдайлы, окурман!
Биз билген акыл чечендин бири эле…
(Салимбай Турсунбаев устатыбыздын жаркын элесине)
Элибиздин даанышмандыгында чечендиктин түрлөрү жөнүндө кенен баяндалат. Сөздү камырдай ийлеп, кезеги келгенде кандан кайра тартпаган курчтук менен бир айтылып, ордун таап, бутасына тийип, эртеңки күн үчүн тарых болуп аңызга айланып кеткен бир канча окуялар, керектүү кептер, омоктуу ойлор так ошол акыл чечендердин акыл чөйчөгүнөн эчен ирет эленип олтуруп анан айтылат. «Эл ичи өнөр кенчи» дегендей, Таластагы Аскармамыт ажыдан «Чечендиктин жеткен чеги-бир дагы адамдын көңүлүн оорутпай сүйлөө» дегенди эшиткеним бар. Аныгы акыйкат экен. Тарыхтан Жээренче, Көкөтөй, Куйручук сындуу акылга дыйкан, ойго бай, кептин кенин карманган чечендерди окуп, билип жүрөбүз.
Так ошол кебин максаттуу пайдаланып жеринде табылга болсо, эртеңине тарых болуп калган сөздү багып жүрүп үлгү болгон айтылуу манасчы Салимбай ата биз үчүн жогорудагы чечендердин бири эле. Дегенибиз, акындыгы менен сөз зергерлиги, кеп дыйкандыгы өзүнчө кыл чоку болсо өрнөктүү өмүрү, адамдыгы дагы андан кем эмес бийиктик эле. Элдик нарк менен салтты аздек карманган асыл эле. Өзүнчө кереге жайып, түндүк көтөргөн ар жигит өмүрүнө өрнөк болоор бирөөнү эш тутуп, үлгү кылып, ошого карап түзөлүп, далалат кылат. Мен үчүн айтылуу атабыз Салимбай айсыз түндө жанып турган шам, атып турган таң эле. Өнөрлүүмүн, талантымды багам деп жүрүп түтүнүм түз булабай калды деп жан дүйнөсүн колко кылбаган нагыз эл эркеси, шайыры эле.
Таластын этегиндеги, айтылуу Манас атанын ак кар, көк музу жаткан Манас жана Чыңгыз чокуларынын түбүндө манасчылардын Республикалык “Урааным Манас” фестивалы өттү. Жыйынтыктап жатып таластын губернатору Бакытбек Нарбеков “Салимбай аке бата менен жыйынтыктайлы, сиз бериңизчи” деп калды. Кайран атабыз мазарлуу жерден 18 мүнөт төгүлүп бата берди. Көрсө, баарыбызга соңку тилеги менен каалоосун айткан экен.
Ошол фестивалда негедир башкача шаң менен түндү күлкү узатып, таңды күлкү тосуп жаттык. Эл шайыры деген сөздүн эталонундай эле.
Айтылуу төкмө Ысмайыл ата: «Акындык өнөр өйдө эмес, Адамгерчилик болмоюн» дегендей, Салимбай Турсунбаев атабыз пайгамбар жашты ак жана так жашады. Сөзүнө өмүрү дал келип жүрүп өттү. Олуя Бакайдай, Калыгулдай, Арстанбектей дөөлөттүү аксакалдыктын доорун жашаганга далалат кылды. Башкысы, доор менен шайкеш болуп, техника менен үндөшө алды. Манасчымын деп өзүн эмес, манасчы кылып жаткан Манас атабызга таазим деп, улуу кайып дүйнөнү дайыма алдыга коюп жүрдү. Сааттан дагы так, кадимки Сыргак, Серек баатырлардай шамдагай, камбыл жүрдү.
Өзүн өзү сынай билген көсөмдүгү, акыйкатка моюн суна билген даанышмандыгы, ойго бай, акылга дыйкан, тоо суусундай шар мүнөзү атабызды башкалардан кескин айырмалап турчу. Атанын уулу болуп жашап калктын кадырлуу кара жаагына айланса, ак калпак элге Жылдызбек акедей азаматты тарбиялап берди. Мырзалыгы менен дайым мотивация берип тураар эле,
«Өз оокатың болбосо,
Өлдүм десең ким берет.
Эч оокатын болбосо,
Эгин айдоо жер керек» деп Током ырдагандай» деп качан болбосун тириликке тың болуп, бирөөгө көз кор болбогула, мээнеттен өткөн дөөлөт жок деп, өз тажрыйбасы менен качан болбосун бөлүшүп тураар эле. Айтуучулуганда барскандай саптары, жоргонун жүрүшүндөй элеп айткан темпи, тасмадай тартылган элестүү сүрөттөөлөрү, кыш кынагандай жыйнактуу окуялары угарманды дагы, окурманды дагы өзүнө тартып тураар эле. Көп жерден «менин стилим Жамиля тасмасындагы манасчыга окшош, кийин ошону тактасам кадимки Көкчеке, Мамбеталы Ашымбаев экен» деп калчу… Күлүп жашап, күлдүрүп жашап, күлкү менен эриш-аркак жүрүп кетип калдыңыз.
Күрдөөлдүү аталар тосуп алгандыр…
Кынаптап Манас айтканда,
Көккө колуң сермечү.
Көк жалдын айтса баянын
Көйкапты кошо термечү.
Көйкашка талант элеңиз,
Куюлуп турган термеси.
Арада алптын орду бош,
Аңгырап калды атаке,
Айтуучулардын кермеси.
Өрнөктүү өнөрпоз эле,
Өмүрдө жок катасы.
Оргуштап турчу булактай,
Орошон ойдун запасы.
Кайрылбай кетти бастырып,
МАНАСЧЫЛАРДЫН АТАСЫ деп жаздым эле, суук кабарды укканда…
Өкүрүп барбай топурап,
Өзүңө салбай топурак.
Өзүңдү эстеп, сагынып,
Өрнөгүң Азиз отурат.
Абалтан эле атаке,
Алп Манас болду көчүңүз.
Эсил болуп кетсеңиз да,
Эл аралайт сөзүңүз.
Улуудан алган сабакты,
Урпакка бердиң кемитпей.
Шайымча жаздым атаке,
Шакиртсиз устат дегизбей.
Азиз БИЙМЫРЗА уулу,
Бишкек шаары, 08.06.2022-жыл