Эсен болуп, эстей жүр!
Кыргыз эл жазуучусу, прозаик, драматург… — деп айтсак, кадимки өмүр баянда айтылып жүргөндөй бул супсак атоолор бул адамдын ааламын чектеп койгондой сезилет. Ооба, ошондой… Ал кишинин чыгармаларын жана ал тууралуу билген, көргөн тууган, дос, замандаш, санаалаш жакындардын эскерүүлөрүн окусаң, ал сүйгөн өрүкзарлуу Баткенге, биринчи көргөнүндө жаш балача сүйүнгөн, «муздак, жыты такыр жок, ошондой болгону менен өзү абдан кооз, коңгуроого окшогон кызыл чанагы көз жоосун алган» Айгүл гүлүнө, мажүрүм талдар бойлогон Ак-Буурага, ал жазган «Түштүк жазына, айыл жазына» барып келгендей болосуң…
А бүгүн 22-март… 1936-жылдын ушул күнү биз жогоруда айтып жаткан чыгармачылык ааламы өзгөчө Мурза Гапаров жарыкка келген күн. Аман болгондо өзү сүйгөн жазын, 87-жазын тосмок экен. Тууган жери Ош облусунун Ноокат районундагы Нойгут айылы…
Мурза аганы эскерели деп, туулган күнүнүн утурлай тээ 2004-жылы Бишкек четиндеги Мыкан айылына барып, биринчи жубайы Алмажан Осмонкулова менен маектешкен элек. Эже жүрөгүндөгү жолдошуна деген ак сүйүүсүн ар бир сөзүндө далилдеп, кыйла кыял-жоругун айтып бир күлүп, бир ыйлап, кайра сооронуп эскерип берди эле… Ошол 19 жыл мурунку маекти кайталап берип турубуз…
АРХИВден…
Алмажан ОСМОНКУЛОВА: «Мурзаны азыр да сүйөм…»
— Эже, Мурза агай менен кандайча, кандай жагдайда таанышып калгансыз?
— Азыркы Бишкек, андагы Фрунзе шаарында таанышканбыз. Анда мен 8-класста окучумун. Мени менен тең кыз мектепти эрте таштап, «Чолпон» фабрикасына иштеп кеткен. Ошо фабриканын ёлкасы опера жана балет театрында өтө турган болду, ал жакка мени ээрчитип алды. Ошондо Мурза имараттын жанынан өтүп баратып, музыканын үнүн угуп, кайрылып калыптыр. Тагдырды карабайсыңбы, капысынан кирген Мурза менен ошондо таанышып калгам. Мени бийге чакырып, дарегимди сураган, оозеки эле айтып койсом жаттап калыптыр. Ал бул жакта окучу да. Мен болсо Аламүдүн районундагы Мыкан айылынанмын.
Бир күнү эле Мурзадан кат келди, мен жооп жаздым. Жолугушууга кат аркылуу көп чакырды, бат-бат жолугуп турдук. Мага жакын адамымдай сезилип, ага көнө түштүм. «Ала-Тоо» кинотеатрына киного көп кирдик. Бирок ал бир да жолу сүйүүсүн арнап, колумду кармаган жок.
Бир күнү классташ кызымдын туулган күнү болуп калды. «Барасызбы?» десем барарын билдирди. Ээрчишип алып Мыкан айылыма келдик. Ал убакта жигит дегенди деле билбейбиз. Кыздарга таанышым деп тааныштырдым.
Кийин Мурза Москвага окууга кетти. Анан ошол жактан сүйүүсүн арнаган каттарды жаза баштады… Ошентип окуусун бүтүп келди, нике кайып экен, баш кошуп калдык. Жыл айлана Исраил аттуу уулдуу болдук. Анан кыздуу болдук, бирок ал чарчап калды. Анан кичүү уулубуз Азиз төрөлдү.
— Канча жашыңызда каерге келин болдуңуз?
— 19 жашымда Ноокатка келин болдум. Мени көргөнү келген элдерге келиндин аты Алмагүл деп айткан. Анткени алар жакта «жан» деген мүчө эркектердин атына уланат экен. Алмажан деп атымды Алматыдагы таякемдер коюптур. Апам казактын кызы. Мен төрөлгөн убакта таякемдер алманы көп алып келишчү экен. Ошондон улам Алмажан деп коюшуптур. Оштуктар үчүн Алмагүлмүн, өзүмдүн Мыкан айылым үчүн Алмашмын. Мен орус классты бүткөндүктөн кыргызча билбейт элем. Өзбекче аралаш кыргызчаны Ноокаттан үйрөндүм.
Уй саап көргөн эмесмин, этегиме чачырап, кыйналып жүрүп, азап менен үйрөндүм. Эртең менен эрте туруп, беш-алты уй саап, анан эшиктин алдын шыпырчумун. Чачымды, кашымды отко күйгүзүп жүрүп тандырга нан жапканды да үйрөнүп алгам. Мен келин болуп келген күнү кечинде кайненем атластан көйнөк, ыштан тигип берди. Ошону үстүмөн түшүрбөй кийет элем. Келгендин баары эле: «Келиниңер аркалык болгону менен биздин түштүктүк эле кыздарга окшош экен» деп калышчу. Бир күнү кайнатам чайханага кирсе, ал жердегилер: «Кимдин келини экенин билбейбиз, орусча сүйлөгөнү менен кара жумушка кыйын экен» деп мен жөнүндө сөз кылышыптыр. «Ал менин келиним» деп кайнатам сыймыктаныптыр. Атам мени абдан жакшы көрчү. Бир жолу базарга барып, ар түрдүү шуру менен кооздолгон топу сата келиптир. «Мегой, келин, кийип ала гой» деп берсе, жоолугумду чечкенден уялып, ыңгайсыз абалда калдым.
— Ноокаттын салты кыйын дешет го…
— Мурза менден 12 жаш улуу болчу. Таанышканда эле жашына карап сиз дегем, ошо бойдон калдым. Ноокатта ансыз деле күйөөлөрүн сиз дешет экен. Алардын салтына туура келип, сиз дегеним жарашып эле калган. Таңгалчу көп салттары бар. Аларда келин чай куйгандан кийин биринчи өзү ичип, анан ошол эле чыныга чай куюп, кийинкилерге узатат экен. Мен жаңы барганда аны билбей, бир чыны менен шашпай чай ичип отура бериптирмин. Баары эле мени карашат. «Ай, жылдырбайсыңбы» деп күлүшөт. Көрсө, бир эле чыны менен чай ичүү аларда салт экен.
Аларда кайната, кайни дегендер менен көздөшүп отуруу жок. Бир жолу чогуу олтуруп калдык. Мени тарелкам менен ары каратып отургузуп коюшту. Палоо жеп жатып: «Бул эмне кылгандары?» деп көзүмөн жаш төгүлүп, тарелкама жаш толуп калды… Аны байкап калган кайненем: «Бизде салт ошондой. Келин кайнатасын карап отурбашы керек» деп башымдан сылап, соороткон.
— Кайненеңизди көрүп калган турбайсызбы, ээ?
— Өз кайненемди көрбөй калдым. Мурзалар үч бир тууган болушкан. Алар жаш кезинде апасы кайтыш болуп, аларды таенеси багып чоңойтот. Таенесин көрүп калдым, абдан жакшы киши эле, жарыктык. Кайнатам кайталап турмуш курат. Ал аялынан бир кыз, бир уулдуу болот. Бирок көп узабай ал аялы каза болуп калат. Кайнатам кийин өзүнөн отуз жаш кичүү аял алат. Ошондо Мурзалар бойго жетип турган учур экен. Алар жаңы апасына, жаңы апасы аларга таңыркашат. Муну байкаган кайнатам тамашалап, «Булар менин «малайларым» деп тизилип турган балдарын көрсөткөн экен. Бир күнү картошка терип жатып, Мурза жаш апасына: «Сиз эмне эле бизди сиз дейсиз? Атам сизди кетип калбасын деп эле бизди «малайларым» деп койду, биз балдарыбыз» деп күлсө, апам да күлүп тим болуптур.
— Ноокатта жүргөндө эстен кеткис окуялар болду беле?
— Албетте. Бир окуя такыр эстен кетпейт. Мурза мени Ноокатка келин кылып алып баргандан кийин үч эле күн жүрүп, Фрунзеге кетип калды. Ошол бойдон жети айдан кийин келген. Ошондуктан кайнатам мени аячу. Атүгүл ыйлап да жибериптир. Ал мындай болгон. Биздин айылдын четинде, жол жээгинде дөң бар эле. Ошол дөңдөн булак акчу. Сууну ошол булактан алчубуз. Эки чаканы алам да сууга жөнөйм. Чакаларды сууга толтуруп коюп, дөңгө жашынып алып, машиналардын үнүн тыңшап отура берчүмүн. Дөңдүн жанына машина келип токтосо, башымды акырын чыгарып, Мурза келип калдыбы деген үмүт менен карачумун. Жок… «Бүгүн да келбей калды» деп ыйлап, булактын жанында мелтиреп отура берер элем. Машиналарды акмалап, жол карап олтурганымда билинбей бир-эки саат өтүп кетчү экен.
Кайнатам тамдын үстүнө көп чыгып күнөстөп отурар эле. Бир күнү тамга чыгып, менин жол карап отурганымды көрүп, ыйлаптыр. Аны кайненем көрүп калып, эмне болгонун сурайт. Анда кайнатам: «Тетиги байкуш келинди карачы. Жанагы Мурза деген эме бирөөнүн баласын алып келип коюп, аны ыйлатып… карачы тигинтип мусапыр болуп, энесин күткөн баладай жол карап отурат…» деп мени көрсөтүп, «бар, келинди үйгө алып кел» деп кемпирин жиберген экен. Ошентип жүрүп Мурза үйгө кайткан күн да келди. Кайнатам аны аябай урушту. Мурза башын жерге салып, унчукпай отуруп берди. «Кайнатам кызык киши экен, эмнеге урушат?» деп мен ичимден Мурзаны аяп тургам…
— Таарынган жоксузбу? Кайда жүргөнүн сураган жоксузбу?
— Жок, эчтеке деп сураган жокмун. Анткени Мурзаны ушунчалык жакшы көрчүмүн. Ал жөнүндөгү ушак-айыңга ишенчү эмесмин. Үйгө далай актрисалар келип: «Сенин Мурзаң бир келин менен жүрөт. Күйөөңдү карабайсыңбы» дешчү. «Бузук» телефондор да чалынчу… Ошонун баарын унчукпай угуп туруп, трубканы коюп, өзүмчө ыйлап алчумун. Бирок телефон чалуулар боюнча тактап, өзүнөн сурачу эмесмин. Үйдө уруш чыкпаса экен, ынтымакты сактап калсам экен деп аракеттенчүмүн. Анын басып-турганына эркиндик берип койгом. Эркиндикти кенен берип койгондуктан, ушундай болуп кетти го деп азыр ойлоп кетем. (Күлүп) Мурзаны жакшы көргөндүктөн, анын кийинки алган Галя аттуу аялын да (андан кызы бар), кызын да жакшы көрбөдүмбү…
— Галяга үйлөнүп алганда кандай абалда болдуңуз?
— Эч нерсе болгон жокмун. Анын үстүнө менин сүйгөн адамым каалагандай жүрүп, бактылуу болушу керек деп ойлочумун. Ал дагы Мурзаны мендей сүйүп, мендей караса экен деп тилегем. Үйлөнүп алганы менен бизге келген жолду да унуткан жок. Бизге келип, эки-үч сааттай отуруп кетчү. «Кой, байбиче, мен кетейин» деп эмне дээр экен дегенсип мени жалооруп тиктечү. «Мейлиңиз, сиздин кетчү үйүңүз бар да» деп үнүм каргылданып, араң айтчумун. Мүмкүн бизге биротоло эле кел деген сөздү күтчү окшойт деп азыр ойлоп кетем. Ошентип айткым келчү, бирок, мен да кечирим сурасын дегенчилик кылып унчукпай койчумун.
— Ата-энеңиз, балдарыңыз үйлөнүп алганын кандай кабыл алышты?
— Балдарым эч нерсе дечү эмес. Атасын жектеп күнөөлөшкөн жок. Тагдыр да деп коюшчу. Улуу балабыз Исраил: «Апа, күйөөгө чыгып алыңыз» деп көп айтты. А менин ата-энем көл кишилер эле. Бир жолу үйдө отурушканда, Мурза Галя менен келип калды. Мен ыңгайсыз абалда калып, жаман болуп кеттим. Атам Мурзаны урушпаса экен деп ичимен коркуп турдум. Атам ордунан тура калып: «Оо, садагаң кетейин, күйөө бала, келдиңби?» Галя деген сенсиңби?» деп жаркылдап учурашты. А апам болсо, башынан эле аны көргөндө астына төрт кабат кылып төшөк салар эле. Негизи ата-энем Мурзаны менден да жакшы көрүшчү. Атам көзү өтөөрдүн алдында чөнтөгүнөн бир нерсе алып чыкты. Алып карасам эски (1972-жылкы «Кыргызстан пионери») гезит. Ал гезитке Мурзанын чыгармалары чыккан экен. Ошону төш чөнтөгөүнө сүрөтү менен катып жүрүптүр. Мына жакшы көрөөрүн ушундан эле билсе болот.
— Галя менен сизди өзү тааныштырды беле?
— Жок. Ал экөөбүз 1991-жылы өзүбүз эле таанышып алганбыз. Ошол жылы кайнатам каза болуп калып, мага кабар келди. Балдарым менен аэропортко бардым. Кара жоолук салынган орус аял кыргызга окшош кичинекей кызы менен келип калды. Мурзанын Галясы ушул болуш керек деп жүрөгүм сезип, жанына барып сурасам, дал өзү болуп чыкты. Самолётто чогуу учтук. Оштон кайним Волга менен тосуп алды. Машинага мени отургузуп жөнөгөн жатат. «Ай, Галя калып калды» десем, «калбаса койсун, аны бирөө чакырыптырбы» деп болбойт. Аны акеңер өзү чакырган, мени болсо силер чакырып жатасыңар. Кой, орус болсо да кара жоолугун салынып, кайнатасына батага келатат. Ал түшпөсө, мен да түшпөйм» деп таарынсам: «Ой, жеңе, азыр отургузам» деп Галяны чакырды. Ошондо Галя мага аябай ыраазы болуптур. Аны кийин Мурзадан уктум. Ошондон кийин аны менен катташып калгам. Кызы кичинекей кезинде: «Я сегодня к апашке пойду» деп көп келчү. Келгенден кийин: «оказывается, я здесь нужнее чем дома» деп кетпей койгон күндөрү да болгон. «Почему?» деп сурасак, «потому что у мамы папа есть, а у Вас нет» деп бизди күлдүрөр эле. Эмнегедир эси киргенден кийин эле бизге көп каттабай калды. Дагы эле Галя экөөбүз катташабыз. Мурзанын иштерин ортого салып, акылдашып иш кылабыз. Мурзанын аты айылдагы мектепке берилген. Директору түшүнүктүү адам экен. Атайын бир классты музей да кылып ачтырган. Ошону Мурзанын чыгармалары менен толтуруш керек. Галядагы, мендеги болгон оокаттарын алып барабыз го. Уулум Исраил сүрөтчү, ага сүрөт тарттырабыз, кыскасы, баарын сүйлөшүп жатабыз. Буйруган күнү ишке ашат го.
— Демек, Галя сизге жагат экен да?
— Ооба. Себеби ал дагы Мурзаны мен сыйлагандай сыйлады, мен ошого кубанам. Бир жолу мындай окуя болду. Анда Мурза «Заман Кыргызстан» гезитинде башкы редактор болуп иштеп жүрчү. Ошол гезиттин ээси-кожоюну түрк эле, аны конокко үйүнө чакырыптыр. Алар мусулман динин катуу кармашат эмеспи. Анан эмне кыларын билбей, мени чакырып, Галянын көзүнчө «түрктөр орустун колунан тамак ичишпейт. Сен тамак жасап бер. Галя, сен болсо 3-4 саатка бир жакка барып тур» деп койсо, ал макул болуп кетип калды. Ошентип конокту тостук. Орустар так эмеспи. Төрт сааттан кийин келип, эшикти кагып. «А мне зайти или нет?» деди эле, Мурза ага: «Нельзя. Гости еще дома» деп каалганы жаап койду. Ал ага дагы макул болуп, сыртта ары-бери басып жүрөт. Терезеден карап, ага аябай боорум ооруп, Мурзага: «Галя кызы менен тоңуп (кыш эле) калбадыбы, үйгө киргизиңиз. Эки аялым бар деп эле ачык эле айтыңыз, түрктөрүңүзгө» дедим. Ал менин оюмду туура көрүп, Галяны чакырды. Байкуш тимеле тоңуп калыптыр. Андай адамды анан кантип жакшы көрбөйсүң. Абдан жакшы аял. Агайыңар Галя экөөбүздүн ортобузда эркелеп эле өттү. Галянын мүнөзү да мага окшоп кетет. Мурза экөөбүзгө тең бирдей мамиле жасачу.
— Кечиресиз, эже, ушундай тагдырга туш болгонуңузга өкүнбөйсүзбү?
— Жок. Себеби мен сүйгөн адамыма турмушка чыктым да. Көзү өткөнчө сүйдүм. Азыр деле сүйөм. Үйдө жалгыз калганда анын чыгармаларын, досторунун, санаалаштарынын ал жөнүндө жазган эскерүүлөрүн гезиттен окуп, ыйлап алам..
— Такыр эле көңүлүңүз калган учур болгон жок беле?
— Көңүл калгыдай сөз айткан эмес, дегеле каккан эмес. Бизди таштап кеткен да жок. Жөнөкөй, жандүйнөсү таза, калп сүйлөбөгөн, намыскөй адам эле… Бир жолу ооруканага жатып калдым. Ошондо жаны калбай, күндө Галясына тамак жасатып алып, аны ээрчитип ооруканага келип турду. Галя үйдө жок болуп калса, самсы сатып алып өзү келип, «эртерээк сакайып кет, байбиче, мен өлгөндө кошок айтчу сенсиң» деп калар эле.
Кийин боору ооруп, ооруканага көп жатып калды. Галя жанынан кеткен жок. Күнүгө барып турчубуз. Бир күнү барсам, өңү жакшы эмес. Болбой калган турбайбы деп ичимен: «Кагылайын Кудай, мен бардык күнөөлөрүн кечирдим, кең пейил кылып сен да кечир» деп керебетинин аягында жаман болуп турдум. Аңгыча эле (Галя башында болчу) «Галя, де..де..де..» деп эле жатты. «Дети где?» деп сурайын десе керек деп ойлоп кетем. Анан эле кайын эжем келип калып, аны менен сыртка чыгып кеттим. Кайра палатага кирейин десем кайним: «Сабыр кылгыла, арты кайрылуу болсун, үзүлүп кеткенин он мүнөт болду» деди. Мен ишенбей бакырып ыйлап, палатага чуркап жөнөдүм. Киргизбей коюшту. Ошентип 2002-жылдын 11-июнунда сүйгөн жарыман ажырап калбадымбы! (эжем бир топко ыйлады…)
Ноокатты эстесем эле көзүмө жаш айланат. Мен келин болуп барганда Чечме-Сай, (андан кийин Фрунзе колхозу болгон, азыр Нойгут кыштагы деп аталат) деген айыл болчу. Ошол айылда агайыңар 1936-жылы 22-мартта төрөлгөн. Кичинесинен эле билимге умтулган, сергек бала болуптур. 3-4 чакырым алыстагы Калинин айылына жөө-жалаңдап каттап окуптур. Мектепти бүтөр менен колхозчу, андан кийин геологиялык изилдөө партиясында жумушчу болуп иштептир. Кийин, 1957-жыл КМУнун тил-адабият факультетине тапшырыптыр. Илгери окууну бүткөндө, каерге жөнөтсө, ошол жакка барчу эмес беле. Мургаб районуна 1962-жылы кетип, ошол жактагы кыргыздарга кыргыз тилинен сабак берген.
— Агайды кызганчу белеңиз?
— Кызганчумун. Көчөдө экөөбүз баратканда кыздар суктанып аябай карап өтүшчү. Мен секелек кызмын да. «Мен жаныңызда болсом деле, эмнеге сизди мынча тиктешет? Сизди эмнеге мынча карашат?» деп ыйлап калчумун…(күлөт)
— «Көчө» аттуу кинонун сценарийин качан жазган?
— Агайыңардын эң жакшы сапаты бар эле. Кайсы кесипте окуса, аны майын чыгара иштечү. 1968-жылдан 1984-жылга чейин «Кыргызфильм» киностудиясынын сценарий бөлүмүндө иштеди. Ошондо «Көчө» тасмасынын сценарийин жазган. Фильмди сценарийде жазылгандай кылып чагылдырган Геннадий Базаров мыкты режиссер. Ал кино Ноокат районунда тартылган. Ал эми айылы тартылган жерде кайненем, кайним жана туугандары тасмага түшүп калган жерлери бар.
— Чыгарма жазып жатканда сизден кеңеш сураган учурлары болчу беле?
— Болгон. «Кызыл беде» деген аңгемесин жазып жатканда, мени жанына чакырып алып: «Байбиче, бир кыздын боюнда болуп калды, эми эмне кылам?»,- деди. Денемди майда калтырак басып, эмне кыларымды билбей көпкө мелтиреп отуруп: «Эмне кылмак элеңиз, анда аны да аласыз да. Мен үйүмө кетем» десем, каткырып күлдү. Буга күлкү экен да деп ызаланып, төркүнүмө кетип калдым. Апама барып даттандым. Апам мага ишенбегенсип, «Жүр, өз оозунан угайын» деп кайра мени узата ээрчитип келди. Келсек дагы эле күлөт. «Апа, сизди бекер эле убара кылыптыр да. Мен чыгарма жазып жаткам, андан ары кантип улайм, мындай сөздү аялзаты кандай кабыл алат болду экен деп Алмагүлдү сынагам. Аны чын көрүп алган тура» десе, баарыбыз каткырып калдык.
— Өзүңүз кайсы окуу жайын бүткөнсүз? Канча бир туугансыз?
— Опера жана балет театрындагы хор студиясын бүткөм. Азыр пенсиядамын. Ага карабай дагы эле иштеп жатам. Он бир тууган элек. Эжем менен эки сиңдим бу дүйнөдөн өтүп кетти. Азыр төрт кыз, үч уулбуз.
— Ырчы Ырыскелди Осмонкулов сиздин бир тууган иниңизби?
— Ооба. Ырыскелди менин эң кичүү иним. Улуу балам Исраил менен тең.
— Исраил сүрөтчү экенин айттыңыз. А Азизчи?
— Исраил сүрөтчүнүн окуусун бүткөн. Туруктуу бир жерде иштебейт, заказ менен гана иштейт. Келиним да сүрөтчү. Убактылуу Орусияга иштеп кеткен. Кичүү балабыз Азиз Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүп, ошо жерде эстрада бөлүмүндө мугалим. Андан тышкары кафелерде саксафондо ойнойт. «Менин жолумду Азиз жолдойт» деп атасы андан үмүттөнчү. Анткени кичинекей кезинде ыр жазып калчу. Кийин эле музыкага кызыгып кетти. Азиз атасына куюп койгондой окшош, мүнөзү мага окшош.
— Ноокатка барып турушабы?
— Ооба. Мени менен дайыма барышат. Азыр деле баягыдай эле катташып турабыз.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА,
«Бишкек таймс» (2004-жыл)