Өрүкзарлуу Баткенимдеги «Айдын гүлү»…
Өрүкзарлуу Баткенге баруу көптөн бери тилеп жүргөн тилегим эле. Быйыл сааты чыгып, көрүүгө куштар болуп жүргөн Баткенди да, уникалдуу Айгүл гүлүн да көрүп келдим.
Элдин кызуугусун арттырган бул гүл Баткен шаарынан 20 чакырымдай алыс, түштүк-чыгыш тараптагы, анча бийик эмес тоодо өсөт экен. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында Айгүл гүлү апрелде ачылып, эки жумадай гана гүлдөйт.
Акыркы жылдары гүлдүн азайып кеткендигине байланыштуу мараторий жарыялап, гүлдү коргоого алып атышкан экен.
Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатта «Айгүл Тоо» ботаникалык коругуна кирүүгө тыюу салынганын, мөөнөтү үч жыл болгон маалыматты былтыр (2023-жылы) баарыбыз эле окубадык беле. Ошентсе да ажайып кооздукка бөлөнгөн, адамды өзүнө тарткан, коңгуроодой болуп өзгөчө түсү бар, кооз гүлдү көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, ичине кирип, жыттап, жакындан көрдүм. Жыты жок болгону менен адамды өзүнө тартып тургандыгы эми өзүнчө эле керемет! Жүрөгүмдөгү кубанычты сөз менен жеткирип айтуу кыйын. Мындай кереметти көрүү сиздерге да буйурсун!
Тоонун тескей жагына өсүп, түнкүсүн көздүн жоосун алып тегиз ачылгандыктан «Айдын гүлү» деп да аташкандыгы тууралуу жергиликтүү жашоочулар айтып беришти. Тоого жакын жашаган айыл тургундары гүлдү короолоруна өстүрүүнү да колго алышканын көрдүк. Атайы алыстан келген меймандарга көрсөтүү менен бирге күнүмдүк турмуштарына керектүү каражат да таап алышат экен.
«Айгүл тоо». Уламыш…
Айгүл гүлү боюнча уламышты угуп эле жүрөм. Ошентсе да, укканымды кыскача жаза кетейин. Байыркы заманда Козулан аттуу баатыр айдай сулуу Айгүл кызга ашык болуп калат. Кыз да жигитти жактырат. Эки жаш баш кошмокчу болгондо капыстан жоо кирип келип, кол салат. Андагы салгылашууда жигит баатырларча курман болот. Сүйгөнүнөн ажыраган кыз чокудан боюн таштап, көз жумат. Каны тамган жерлерден чоктой кызыл-сары болуп ажайып гүлдөр өсүп чыгат. Ошондон улам, «Айгүл гүлү» деп аталып калыптыр. Бул гүл туурасында акындар ыр жазып, обончулар обон салып, ырдалып келатпайбы…
Белгилүү жазуучу Мурза Гапаров “Айгүл тоо” аңгеме жазып, ал колдон-колго өтүп окулганы баарыбызга маалым. «Мурза аке “Айгүл тоо” деген көлөмдүү аңгеме жаратты. Бул аңгеменин өзгөчөлүгү, бийик көркөмдүгү ушунда эле ошол айгүл өскөн чөлкөмдүн элинин мүнөзүн, пейилин, адамдыгын, тазалыгын, карапайымдыгын ушунчалык жагымдуу, көркөм, ажайып ачып бергени...» деп жазбады беле жазуучу Топчугүл Шайдуллаева эжебиз.
«Биздин кыз»…
Эжебиз жазгандай эле, барган жерибизден жөнөкөй, кеңпейил, талантты баалай билген жакшы адамдар менен тааныштык. Алардын бири — Кара-Бак айылындагы Аксакалдар кеңешинин төрагасы Алишер ага. Айтымында, айылдын ынтымагы, айылда уурунун жогу, бардык ишти биргеликте ынтымак менен ишке ашырышары жана башка жакшы иштери, Зардалы жөнүндө айтып берди. Бул эми өзүнчө чоң тема.
«Кара-Булак айылдагы Мурзапар Үсөн атындагы музейге барганда, ата- бабаларыбыздын колдонгон буюмдары, элибиздин басып өткөн тарыхы жөнүндө баалуу маалыматты уктук.
Алгачкы «Эркин Тоо» газетасынын жарык көргөн сандары, белгилүү жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА эжебизге арналып өзүнчө бурч ачылып, жаш кезиндеги сүрөттөрү, газетага жарык көргөн аңгемелери коюлуптур. «Биздин айылдын кызы», биздин кыз», кинолору тартылып атат» деп сыймыктануу менен музейдеги аксакал айтты. А чынында сыймыктанчу эле кызыбыз бар да. Бир топ чыгарма жаратып, китеп болуп чыкты жана чыгууда. Эжебиз ыр да жазат. «Айгүл тоо» ыры ырдалып келет. Ага обон салган ыраматылык обончу Апас Жайнаков агабыз.
Бүгүн, 13-майда эжебиз чыгармалары менен адабий-музыкалык кечеге катышат. Кече саат 13.00дө башталат. Учурдан пайдаланып, Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада өтө турган чыгармачылык кечеге элди чакырып кетет элем. Келип, катышып, эс алып кетиңиздер!
Ыйык Сулайман-Тоосу… Аманат!
Ошончо баргандан кийин кантип Ош шаарындагы ыйык Сулайман-Тоосуна кайрылбай кетебиз. Барып, тоонун чокусуна чыктык. Ош шаарынын өзүнчө бир кереметине, сөз менен айтып бүткүс кооздугуна суктандым.
Ал жерден көптөгөн акындарыбыздын китебинин мукабасын көркөмдөө жагынан биргеликте иш алып барган дизайнер, жаш акын МУХАММАДАМИН ХОЖАКБАРОВго жолуктук. Ага жазуучу, акын Бүбүсара Аруужан Калыкова эжебиздин «Көйкап жаңырыгы», «Табышмактуу бак», «Омар Хайямдын желеси», «Жыгылган жарык», «Жүгүргөн күүгүм», «Махаббат сепилинин курмандыгы» (биринчи, экинчи бөлүмү), «Кара тулпар», «Миң түркүн бүркүмдөр», «Маарасыз чексиздиктер», «Кадактагы океандын шоокуму», «Асмандагы жүзүмзар» аттуу китептерин (жалпысынан 13 китеп) тапшырдым. Аманат аткарган кандай жакшы!
Ошондой эле ага «Бал доорум», «Мажүрүм тал», «Тагдырлаш сирендер» китептеримди белек кылдым. Ал Сулайман тоонун тарыхын айтып берип, биз менен чогуу жүрдү.
Андан соң Ала-Букадагы «Сафит Булан» деген ыйык жерди көрүүгө бет алдык. Төрт күндүк Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ала-Бука жерлерин кыдыруу кызыктуу жана эсте каларлык болду. Ошентип сапарыбыз да карыды.
Кара-Бак айылындагы Аксакалдар кеңешинин төрагасы Алишер агага, кызы Абазканга, Ала-Бука аймагындагы Актам айылынын тургуну Малика эжеге, жолдошуна жана башка меймандостук менен тосуп алып, узатышкан замандаштарыбызга терең ыраазычылык билдирем!
Кайрадан кездешчү күндү буйрусун деген аруу тилек менен Бишкекке жол тарттык, үйгө кайттык.
Айгүл ТОГОЛОКОВА,
Бишкек-Баткен-Бишкек