«Эрнистин жазганы алакандай эле… ошол үзүктөй макаласынан оюң омкорулуп түшөт» (видео, эссе)

«Эрнистин жазганы алакандай эле… ошол үзүктөй макаласынан оюң омкорулуп түшөт» (видео, эссе)

Башымды ийем…

Кечээ (31-январь) жолдошум Эрнис (Асек уулу) акыркы сапарга узаган кγн эле… Андан бери беш жыл өтγптγр. 4 кγндөн бери редакциябызга эскерγγлөр, армандуу ырлар келип, сайтка койгонго жетишпей атабыз… Эстеп, эскерγγ, ыр жазып, чыгармаларын жайылтып экинчи өмγрγн узартып келаткан жакшы адамдарга башымды ийип терең ыраазычылык билдирем! Ар бириңиздердин эскерγγңγздөр баалуу… ар бириңиздердин жазганыңыздарды, жашык жаным ыйлап окуйм… Баарыңыздардын эскерγγңγздөр “Эрнис Асек уулу” аттуу китепке кирди. Бул китеп да буйруган кγнγ чыгып калар…

Эрнистин көзү өткөндөн кийин «Каалга» ыр жыйнагы, Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» котормосу жана «Мелис менен Эрнис» аттуу китеп жарык көргөн…

***

Эрнистин Дакеси…

Ага-ининин көзү өткөндөн бери телефон чалып, ал-акыбалыбызды сурап, ар бир иш-чарабызга жардамын аябай, даректүү тасма даярдап (бизге эле эмес, бир топ атактууларга тасма тартып келатат. Маркум досу Калмурат Рыскуловдун да жакында эле өткөн эскерγγсγнγн сценарийин жазып, даректүү тасмасын бабына келтире тартып, мыкты даярдаган. Бул боюнча да өзγнчө кеп болот), эссе жазып, жакшы сөзүн айтып Асел жеңем экөөбγздγн жаныбызда келаткан мыкты тележурналист, жазуучу, котормочу Данияр Исановдун зор эмгегин баса белгилегим келди. Дегеним, анын башка да жумуштары толтура. Ошентсе да, эмне айтсак да, качан кайрылсак да, жок дебей, алтын убактысын бөлүп баарын ойдогудай кылып жасап берет. Болбосо, Мелис байке, Эрнис менен чогуу иштеп, жандарында жандап жγргөн деле эмес, жөн гана сырттан таанып-билген, чыгармачылыктарын баалаган, байлык, бийлик, атак-даңк, сыйлык, наамга жулкунбаган жөнөкөй, адамгерчилиги бийик адам. Эрнис тууралуу да даректүү тасма даярдап берем деп келатат алтын кесиптешим. Ал эми Мелис байке тууралуу даректүү тасмасы мынакей…

«Канат кагуу»… «Адамдын жаралышы»…

«Мелис менен Эрнис» китеби кайын агам Мелис Эшимкановдун 60 жылдык мааракесине карата 2022-жылы жарык көргөн. Аны да түзгөн Данияр. Китептин мукабасын да бир башкача жасалгалаткан. Акыркы бетине Мелис байкенин: «Замандын, коомдун, адамдын табияты кызык эле. Өзгөрγлөт. Кубулат. Кайталанат. Ыйлаганы да бат. Кγлгөнγ да бат. Жек көргөнγ да бат. Сγйγп калганы да батдеген учкул сөзγн, Эрнистин “Каалга” китебиндеги “Кечир мени, поэзия” ырын койгон.

«Кечир мени. Миң мертебе кечиргин!

Тарбиялап келдиң мени жалгыз сен.

Жылдыз толгон касиеттγγ жγзγңө,

Жарыбаган из калтырып кеттим мен…»

«Мелис менен Эрнис» китебинин мукабасындагы сγрөттөрдγ байкадыңыздар да… Аны карап отуруп, бир башкача ойго кетесиң… Аны ар ким ар кандай тγшγнγп жатат… айрымдар Мелис байке менен Эрнистин колу деп тγшγнγп алышыптыр… Жок, андай эмес! Биринчи бетине, биздин искусство таануучулар талдаганы боюнча, Кришнамурти, Ошо сындуу Чыгыштын ойчулдарынын сөздөрүнө үндөш ойлорду кылкалемге жана боёкторго каткан сүрөтчү Асхат Бейшембековдун «Канат кагуусу»  (сүрөттү жакшылап карасаңар, бир караган көзгө байкала бербеген, туманга чулганган улуу тоонун арасындагы жарык суу жээкте суу бетиндеги өзүнүн элесин карап отурган периштени ж.б. көрөсүң) жана акыркы бетине Микеланжелонун Жараткандан алгачкы жолу Адамга өмүр берилген «Адамдын жаралышы» сүрөтүнүн бир фрагменти колдонулган. Муну да Данияр жөн койгон жок… ойлондура турган сүрөттөр, туурабы…

Китеп ичи болсо, эки баптан турат. Биринчи бапта Мелис Эшимкановдун ар кайсы жылдарда жазылган макалалары жана маектеринде ак менен кара, чындык менен жалган тууралуу айткан-жазган учкул ойлору жазылган. Экинчи бапта Эрнистин Улуу Жалгыздык жана акыйкатка жетүүнүн жолу кандай деп көкүрөгүнөн көк түтүн бүркүп түйшөлгөн ой сүртүмдөрү камтылган. Эки баптын башына Данияр эссе жазып, бейнесин да жакшы ачып берген. Мына, Эрниске жазган ал эссеси…

Назира СААЛИЕВА

КУДАЙДЫН ЫЙЫ ЖЕ АКЫЙКАТ ИЗДЕГЕН АДАМДЫН МҮШКҮЛҮ (Эссе)

Акын жана чыгаан журналист Эрнис АСЕК уулунун бейнесине сүртүмдөр

— Кудайдын ыйыбы?- дедим, таңдан кечке тыйылбай жер үстүн көлчүккө ороп, айлананы жууп аткан жамгырга көз чаптырып. Күзгү нөшөрдөн да жазгы жамгырды көбүрөөк сүйөм. Бирок, жамгыр деген жамгыр дечи.

***

Ааламды аласалдырып, аңтар-теңтер кылган, кайран гана адамзат!

Тынчтык заманга калайман салып, жер шарын солк эткизген, адамзат!

Утуру бир жаңы нерсени ойлоп таап, кайгы артынан кайгы үйүп, көз жаштан пайда көздөп, «керек болсо дүйнөнү ары-бери алаканыбызга салып алып айланта беребиз» деп демиккен топтордун залакасына кабыргасы кайышса да: — Ааламда не болуп атат, ыя? — деп, баштары маң болуп аткан караламан журт. Өзгөчө соңку жылдары ансыз да көңүлдөрүнө бүлүк түшүп, көчөдөн көрсөң көөдөнү ыйлап турган адамдар азыр акырын тийип койсоң «чарт» деп көздөрүнөн жамгыр куюлуп кетчүдөй араң тургансыйт. Амандашсаң, кыргыздын канына сиңип калган салтты карманып, сыпаалык үчүн «жакшы» же «Кудайга шүгүр!» деп жылмаят. Бирок, ал жылмаюу жылмаюу эмес, өзөк өрттөгөн бук, өкүткө толгон муң, айтылбаган арман, араң турган дүйнө…

Адамдын ички дүйнөсү, анын ой топтому өлчөөсүз, ааламга сыйбайт. Түшүнүп да болбойт. Жандырылгыс табышмак. Оюн да, тилегин да, максатын да, үмүтүн да, сүйүүсүн да, арманын да, ызасын да ичине катат. Ойду ортого салыш өтө опурталдуу. Тил жетпейт. Сөз жетпейт. Бир гана аны үшкүрүк чыгарат. Үшкүрүк гана муңдашы, сырдашы болгонго жарайт. Адам туулгандан жалгыздыкка эш болуп, акыры түбү ошол жалгыздыктын кучагына сиңип жок болот. Кудум жамгыр жерге сиңип жок болгон сыңары…

***

Колумда «Каалга»…

«Каалганы» ачып ичине үңүлдүм…

Үңүлдүм да, түркүн түскө, түркүн ойго кабылдым. «Каалганын» ээси Эрнис Асек уулунун уңгусуна башбагып алып, эмнеге мурда ушул каалга ичине кирип, анын кан-жанынан жаралган дүйнөсүнө мурдараак баам салбагам деп өзөгүм өрттөндү. Көрсө, биз айланаңда жүргөн эле адамдын ичинде ааламга сыйгыс ойду көтөрүп жүргөнүн көрбөгөн көрпенде окшобойбузбу!? Бири-бирибизди сыртыбыздан жакшы билип, жакшы таанысак да, эмнегедир жолубуз аз кайчылашыптыр. А ойлорубуз, мγдөөбγз, максатыбыз бир экенин астейдил сезсек да, жолугушкан жерден ал-жай сурашып тим болуп, анан өз бетибизче кетчγбγз.

***

Эрнис Асек уулу… Тагыраагы, Эрнис Эшимканов!

1990-жылдардын баш ченинде университетте филфактын студенти элем. Ал кезде Эрнис Асекти жакындан бет келип көрбөсөм да, таң атпай гезит саткан күркөлөрдөн «Асабаны» издеп, анан анын ичинен Эрнистин макаласын окууга шашылаар элек. Дал ошондой жаштыктын жалындуу күндөрүнүн биринде Эрнистин көрүстөн туурасында жазылган көлөмдүү макаласы жарык көрүп калды. Окуп алып, бир топко дейре дендароо болгонум эсимде. «Ала-Арча» көрүстөнүндөгү абал. Ал жердеги көз боёмочулук. Тааныш-туунушу аркылуу гана ушул ардактуу жайга коюлуп аткандар. Атак-даңктуулардын мүрзөсү делгени менен көрүстөндөгү көөндү эзген көйгөйлөр. Акчалуулар гана бул жерде жата алат деген собол. Жада калса өлүмдү да соодалашкандар. Өмүр менен өлүмдүн ортосундагы аралык. Айтор, ошол макала бу тирүүлүктүн өзүн аңдабай акылдан адашкандардын азабы жөнүндө болсо керек эле. А макаланын автору ал кезде бар болгону 22 гана жаштагы кырчындай жигит Эрнис Асек уулу! Көрсө, кенедейинен ааламдык алптардын ойлоруна сугарылып, колуна тийген китептердин бардыгын окуп туруп, анан аны тереңден анализдеген жөндөмгө ээ, көрөңгөсү бай, тубаса шыгы менен ташкындаган жигитке айланган тура.

Андан кийин биздин жаштык жылжып агып, билинбей убакыт өтө берди. Токсонунчу жылдардын тоңмоюн учурун баштан кечирдик. Таңга жуук гезит саткан күркөлөрдөн «Асабаны» алып, аңдыганым эле Эрнис Асек уулунун макаласы. Анын макаласы жалаяктай эмес. Үзүктөй. Алаканга чен келбейт. Ошол үзүктөй макаласынан оюң омкорулуп түшөт.

Дараметине сыртымдан жогору баа берген менен жакын барып таанышпадым. Чыгармачылыкка мен өтө кеч аралаштым. Ошондон уламбы, Эрнис байке менен да кечирээк кез келип, кез келсек да учкай ал-абал сурап, анан кеңири маектешкенге үлгүрбөдүк. Үлгүрүүгө деле убакыт кенен болчу. Бирок, жазмыш го, жөн гана бири-бирибизди ичибизден урматтап, ичибизден сыйладыкпы, ким билет!?

***

Кайсы бир жолу чакан китебим жарык көрүп, ага: «ОШОдой орошон ойчул болуңуз!» — деп, жеңеси Аселден берип ийдим. Эрнис байке менен алиге дейре тааныша элек кез. Арадан саналуу эле күндөр өткөн. Бир күнү жакын досум Төлөгөн Сулайманов:

— Эрнис байке сага салам айтты!

— Саламат болсун! Качан?

— Кечээ! Бильярд ойнодук… Сен ага китебиңди берип ийдиң беле?

— Ооба!

— Эрнис байке: Данияр досуң мага «ОШОдой орошон ойчул бол!» деп жазып берип ийиптир. ОШОну окуса, демек, бир жолугуп, сүйлөшүш керек экен. Демек, ортобузда аны менен сүйлөшчү көп сөздөр бар! деп айтты, — деди Төлөгөн.

***

2012-жылдын күзү… «Де Факто» гезитине жарыяласын деп Эрнис байкеге телефон аркылуу байланышып, обончу Калмурат Рыскулов тууралуу жазган көлөмдүү бир макаламды почта аркылуу жөнөттүм. Ошондон кийин го, ал менин жазгандарымды окуп баштаса керек, телефондон бир-эки курдай сүйлөштүк.

***

Чөнтөк телефон шыңгырайт. Алсам, Эрнис байке:

— Даке, бир жолугуп баарлашпайлыбы!? Убактың кандай? — деди.

— Башка күнү баарлашсак болобу, байке?

— Аа, макул. Колуң бошобосо, башка күнү жолугаарбыз. Бирок абайла,

Калмурат досундай болуп мени да жоготуп алып жүрбө? — деди.

***

2014-жылдын августу… Иште олтургам. Жанып турган компьютеримден кат келди. Карасам, кат Эрнис байкеден экен…

— Кандайсың, үкам?

— Жакшы! Өзүңүз кандайсыз?

— Эмне кылып атасың?

— Иштемин!

— Кришнамурти тууралуу жазганыңды окудум…

— Aa!

— Абайла, тишиңди сындырып алба!

— Камтама болбоңуз, байке!

— Таш бол!

— Болбойм!

— Жок, үкам, таш бол!

— Таш болбойм!

— Таш бол!

— Мен ташты талкалаган суу болом! — дедим тамашалап…

Жооп жок… Көпкө ойлонуп калды окшойт. Анан кайрадан:

— Азыр ишиңе баратам! – деген жооп келди.

Келди… Кезиктик… Талашып-тартыштык… Анан саамдан кийин мени тиктеп туруп:

— Айтматов ким? — деди.

— Жазуучу!

— Жок, Жусубалиев жазуучу! — деди.

— Талашсыз, ал да жазуучу. Айтматов да жазуучу!

— А мен Жусубалиевди жогору коём!

— Ал, өзүңүздүн эркиңиз. А мен Айтматовду!

— Олда, атаңгөрү ай! Ушул жерден ойлорубуз эки ача экен… деди.

— Туура! Сиз Жусубалиев десеңиз, мен Айтматов дейм. Сиз Кришнамурти десеңиз, мен Ошо дейм. А бирок, жыйынтыгында келип, экөөбүз тең Высоцкий дейбиз! – десем, чери жазыла каткырып алды да:

— Келе, колуңду! – деп колун сунду.

— Билесиңби, Даке! Бала чагым көз алдыма тартылат. Раматылык Мелис байкем мектепте окуп жүргөн кезимде үйгө жалаң Высоцкийдин грампластинкаларын көтөрүп келчү. Ошондон тарта үйдө эч ким жокто деле, эл барда деле бөлмөмөн Высоцкийдин ырлары жаңырат. Кулак төшөп, талантына тамшанам. Анан кайсы бир күнү Мелис байкем:

— Эй, сага али эрте. Сен али 5-класстагы эле баласың. Буга тишиң өтпөйт! -дейт. Мен болбойм. Уга берем. Уга берем. Ошентип атып Высоцкийдин дүйнөсү мени өзүнө оп тартып кетти. Дагы бир күнү Шукшиндин китептерин алып келди. Кошо талашып окуйм. Ал эмне китеп алып келсе, эч бирин калтырган жокмун. Кафка, Достоевский, айтор, деги койчу, бирин калтырбай окуганга аракет кылдым. Мелис байкем ошол китептердин көбүн сатып алып келет да, кай бирде колу бошобой калып, ал китептерди окуганга жетишпей калат. Эр жеттим. Бир күнү үйдө жайнаган китептердин баарын окуп чыкканыма кγбө болуп: — Сен, менден кыйла эле алдыга озупсуң, иним! — деди кγлγп. Ушундай, Даке. Адабият дγйнөсγ, чыгыш философиясы, анан Кубат аке… – деди оор γшкγрγп.

Анан саамдан кийин:

— Даке, мен бир ыптам жок, араң жүрөм. Мелис байкемди эстесем… Ээ-х-х… Сөз жок! — деди көзү жашылдана.

— Коюңуз, байке, кайрат кылыңыз!

— Мелис байкем адамда жок, бир жаралган жан эле го, чиркин!? Ал жөнүндө али дагы көп жазам. Өрт болуп өттү өмүрү… Мени адам кылган ушу агам! — деди.

Үндөбөдүм… Ичинде бороон улуп, өткөн кезин эстей өкүткө батканын көрүп туруп, сөз табалбай дендароо болдум.

***

2015-жылдын июль айы…

«Учкун» басма үйүнүн бешинчи кабатынан жубайы Назира менен Эрнис байкени капыстан кезиктирип калдым.

— Жүр, кабинетке! — деди.

Кабинетине кирип, бет маңдай олтурам.

— Кандай, Даке? Жакшыбы?

— Жакшы! Өзүңүз кандайсыз?

— Жакшы! Ушул жерде олтурабыз гезит чыгарып. Көрүп атсаң керек, «Баягы Асабаны» чыгарып атабыз!

— Ооба, байке! Окуп калып атам. Ачыгын айтканда, калтырбай окуганга мүмкүн эмес. Бирок, кай бир сандарын көрүп калсам сатып алам.

— Аа, жакшы! Өткөндө бир макаланды окудум. «Павел Судоплатов». Чекист жөнүндө.

— Аа, ооба. Жарыялагам.

— Мындай кылбайлыбы, мен көптөн бери кыялданып келем. Азыр Кыргызстанда колго илинерлик бир да журнал жок. Элдин руханий көрөңгөсүн көтөргөн өтө олуттуу, тарых, алиги сен жазган чекисттер, кино дүйнөсүнүн шедеврлери, адабият, философия, айтор, баарын камтыган 150 беттик сапаттуу журнал чыгарсак, ошого сени чакырып, а мен акчасын тапсам, кандай болот. Экөөбүз чогуу чыгара беребиз. Ушуну ойлодум.

***

Оюм онго, санаам санга бөлүнөт. Кулакка дале жамгырдын дабышы жаңырып, мен олтурган орундуктун үстүндөгү чатырды чапкылайт.

— Неге? Неге мурда байкабадым? Эмне үчүн ушунча жылдар аралыгында Эрнис байкенин ал-абалын бир сурап бара албадым? — деп, өзүмдү өзүм жекирем.

Эгер ошончо жылдан бери бири-бирибизди сыртыбыздан билсек да, бири-би-рибиздин оюбузду тереңден түшүнсөк да, ушул түйшүгү арбын турмуштан инилик кылып алдына бир барып, ал-абалын сурап, бири-бирибиздин дүйнөбүздү сууруп чыгып, оюбузду ортого таштай албадык, аттиң! Жашоомдо бар болгону Эрнис байке менен үч-төрт курдай бет келип, эки-үч курдай баарлашыпмын.

Кайрадан анын:

Өттү кез, өттү учур,

Өмүрдүн өзү Өлүм.

Кашкайган чындык турат,

Калганы — баары төгүн — деген саптарын ичимден кайталайм…

Ушул саптарды кайталап алып каалгамды ачып үйгө кирем да, кайрадан анын «Каалга» аттуу китебинен улам бир барагын ачып, ажайып дүйнөгө кездешем. Эч кимге окшобойт. Окшобойт, окшобойт! «Каалганын» кийинки барагы:

Кыйкырык-чуу кыгуут салган кылымда,

Кылыч болбой, кыйкым болуп кынымда,

Өктөм дүйнө өкчөмүнөн чыгалбай,

Өмүр, сенден тажап кеттим чынында!...деп, чыңырып жазган саптарынан көңүл сыздап, көңүл ыйлап…

— Атаңгөрү-ү! — дейм, Эмнеге? Эмнеге Эрнис байке, ошончо китепти окуп туруп, ошончо ойду дүйнөсүнө сыйдырып туруп, чыгармачылыкка өтө аяр карап, өзүнө өзү катаал чыккан? Айрымдарга окшоп ырдын техникасын өздөштүрүп алып, курулай атак, жасалма даңк кубалабай, ырларын утуру жарыялап «мен, акынмын!» деп көкүрөк каккылабай, качан анан көзү өткөн соң жарык көрүп, окурмандарына сунуштала турган тагдырды жазган тура пешенесине.

Эгерде Эрнис Асек уулу канында ойногон шык менен журналистикага аралашпай жалаң поэзия менен кете бергенинде, азыр улуттук адабиятыбызды дагы бир тепкичке жогору көтөргөн акынга айланмак. Анткени, анын поэзиясында ушул киргилт чалган дүйнөнүн өзөгүн көрө билген көсөмдүк да, бай фантазия да, айланада болуп аткан көрүнүштү эч бир акынга окшобой башкача ыкма, башкача ыргак менен таасын жеткирген дарамет катылуу жатканын айгинелеген айрым бир саптары эле сайрап турат. Ал ушул коомдо болуп аткан көрүнүштү эле эмес, мүлдө аалам туурасында ой чарпып келип, адамзаттын нагыз табиятын таасын тарткан полотно жаратат да, анан айланасында аны аңдай турган жан адам жок жалгыз калганына жабыркап, өзүн да, өзгөнү да таба албай карайлайт.

Он сегиз миң ааламдын

Сырларына чаташып,

О, адамзат

Келе жатат адашып…

А бирок…

Жер каймактап

Баштагандан дүйнөдө,

Эл каймактап жашагандан дүйнөдө,

Кылымдарды

Кыл аркандай өрүшкөн,

Кызыр айткан кыл чокудай

Алп Устаттар өтүшкөн…

А бирок…

Киремин.

Батпайм, батпайм.

Өзүмдү, өзгөнγ да

Таппайм, таппайм…

А бирок..

(«А бирок…» — Э.Асек уулу.«Каалга». 148-6., Б.2021.)

***

Жаштыгым көз алдыга тартылат. Деги биз, эмне деген гана заманды баштан кечирбедик. Жана кечирип атабыз. Согушту, ачарчылыкты көрбөсөк да, эгемендикке ээ болдук деп канчалык эдиреңдесек да ошол эгемендиктин жыргалчылыгын тата албай, ошого карабай кечээ эле союздун камкордугунан дароо капитализмге аттап киргенибиз менен же ага ыңгайлаша албай, аз жерден жоголуп да кете жаздадык. Айрымдарыбыз жоголуп да кеттик, жоголуп да атабыз.

***

Кечээ да жааган… Мурдагы күнү да жааган… Анын аркы күнү да жааган… Жамгырдан тажаган жаным жылдызы жок түнкү асманга көз чаптырып: Э, мейли, жаай берсинчи! Жамгырды мен токтотмок белем!? — дедим үшкүрүп. Балким, канчалык көп жааса, ошончолук жерге да, элге да жакшыдыр. Ошондой болсо да айлананын аппак карга оролгону, аппак тилектердин жааганы жакшы эмес беле!? дейм, ичимден көлчүккө көз чаптырып.

***

Эрнис байкенин «Эмесмин» деген ырын окуп, эсим эңгирейт. Неге минтип жаздың экен!? Таң…

Көрүмө келдиңби, сен?

Келдиңби куран окуп,

Умсунтуп өткөн элес,

Убайым убал толкуп?

Желаргы чачың сылап,

Жебелер мүнөт санап,

Тумтак бир ойлор келип,

Турабы жүрөк канап?..

Аттиң ай, андай эмес…

Асмандан көз көрүнбөйт.

Ыргалган терек болбой,

Ырлардан сөз бөлүнбөйт…

Өзүңө өзүң батпай, өзүңө өзүң сыйбай, анан чабакталаган жаның акыретке кете элек жатып беш жыл эрте 2015-жылы жазыпсың. Бу сенин көрөгөчтүгүңбү, же Кудай оозуңа сала бердиби? Ажалды неге чакырдың экен? Же кыйсыпыр түшкөн ушул дүйнөңдө жашабай ак койдум дедиңби? Жок, андай эмес… Андай эмес… Сен, бармактайдан китепти казып, даанышмандыктын каалгасын ачып, анан суй жыгылдың окшобойбу!? Сени түшүнгөн, сенин ааламыңа баам салып, сени алаканга алпештей турган чөйрө, коом, аткаминер табылбады окшобойбу!?

***

Короодомун… Кеч күздүн түнү… Уйку жок… А көөдөндө ойлор кудум жамгыр сымал бири төгүлүп… Бири житип… Бири сиңип… Бет мандайымда жалбырактары бу өмүр менен мындан эки ай мурда кош айтышып, жыпжылаңач калган дарактар…

Ноябрдын түнү… Түнкү тынчтыкты бузуп, түндө келген ойлорду бузуп, кең көчөдө анда-санда машинелер шуулдайт. Анан асмандан түшкөн көз жаш… Кудайдын ыйыбы? Же Акыйкат издейм деген адамдын ыйыбы!? Ким билет?

Данияр ИСАНОВ

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.