90-кγз…
СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси, коомдук ишмер, кыргыздын бир жаралып келип кеткен орошон таланттуу уулу Төлөмүш Океев көзγ тирγγ болгондо 90-кγзγн тосмок экен. Асыл адамыбыздан айрылып калганыбызга 24 жыл болуптур.
Кийинки муундун эсинде тасмалары менен жашап жаткан улуу кинорежиссёр туулган күнү болгон 11-сентябрда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында эскерилди.
90 жылдык эскерγγ кечесине Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Казак Республикасынын эл артисти, белгилүү киноактёр Досхан Жолжаксынов, анын өмүрлүк жубайы Каракөз Сулейменова, советтик жана түркмөн кинорежиссёру, оператор, сценарист, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Түркмөн ССРнин Эл артисти Ходжакули Нарлиев, Түркмөнстандын театр жана кино актрисасы, СССРдин Эл артисти Мая Гозель Аймедова, залкар кино жаратуучунун жубайы Жумаш Өмүрова, балдары, неберелери жана башка санаалаштары, жакындары, кыргыздын белгилүү кино ишмерлери катышты.
Уюшулган иш-чара боюнча айтсак, Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы даярдаган кыска даректүү тасма көрсөтүлүп, кинорежиссердун керемет тасмаларынан алынган үзүндү эпизоддор менен «Океев ааламына» чабыт жасап, өзгөчө концерттик программага да күбө болдук. Айтсак, Т.Океевдин скрипкач уулу Искендерден көргөн небере кыздарынын бири, Тγркиядагы Анкара шаарындагы Башкент Университетинин камералык оркестринин солисти Алия Океева скрипкада ойноп, Казакстандан келген коноктор, белгилγγ жылдыз жубайлар Досхан Жолжаксынов менен Каракөз Сулейменова ырдап…
Анда, сөз башынан болсун… Айта кетсек, эскерүү кечесине келген, катышкан, сөз сүйлөгөн, ырдаган, ойногон — бардык катышуучуларды калтырбай саймедиреп тизмеледик, анын да себеби болду, ашепке көрбөңүздөр…
“Кыргыз керемети”…
“Кыргыз киносунун тарыхы бир укмуш. Билген бар, билбеген бар… «Кыргыз керемети» деп качан чыкты эле?.. Легендарлуу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен башталган. Ошол кездеги кыргыз киносуна куйган арыктар: Лариса Шепитько, Андрей Кончаловский, Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Видугирис Альгимантас, Дооронбек Садырбаев,
анан дөө-шаа артисттер: Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова, Таттыбүбү Турсунбаева, СүймөнкулЧокморов, Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов, Орозбек Кутманалиев, Күнболот Досумбаев, Гүлсара Ажибекова, Айтурган Темирова, Жамал Сейдакматова жана далай залкарларыбыз бар. Азыр кыргызда кино тарткандар көп. Бирок «кыргыз кереметин» унутуп коюшкандай...

Улуу кинорежиссер Федерико Феллининин айтканы бар: «Кино улут тандабайт. Бул жеке искусство. Кыйын улуттан кыйын режиссер, актер чыгат» деп акын, журналист, котормочу жолдошум Эрнис Асек уулу (1970-2020) жазгандай, Төлөмүш Океев (1935–2001) кыргыздан кыйын чыккан тубаса талант, чыгаан кинорежиссер болду.
Агабыз кыргыз киносун «Бакайдын жайыты», «Улан», «Отко таазим», «Көк серек», «Кызыл алма», «Алтын күз», «Ак илбирстин тукуму» тасмалары менен ааламга таанытып, кыргыздын даңазасын арттырган. Дал ушул мыкты тасмалары эскерγγ башында кыскача көрсөтγлγп, оор замандан жакшы заманга келгенибизди эстетип, ойго салып жашытып койду…
Небере…
Кыска даректүү тасмадан соң Төлөмүш Океевдин небереси Алия Океева скрипкада, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын симфониялык оркестринин (оркестрдин башкы дирижёру – Захар Бутенко) коштоосунда “Шиндлердин тизмеси” тасмасындагы музыканы ойноду.

Музыканы коштой артындагы Лед-экрандан залкардын өмүр жолундагы баяндуу сүрөттөр, даректүү кадрлар көрсөтүлγп, иш-чаранын алып баруучусу Расул Багышбаев сахна артынан:
Кыргыз кино керметин – бүт дүйнөгө тааныткан,
Заман күткөн, элим сүйгөн тасмаларды жараткан.
Өлкөбγздγн тарыхында кайталангыс көрүнүш,
УЛУУ УСТАТ, ЗАЛКАР ИНСАН – ТӨЛӨМҮШ! — деген төрт сап ырды окуп, залкарды жакындан жакшы билгендер эле эмес, ал кишини тасмалары аркылуу тааныган башка киносүйүүчү көрүүчүлөргө өксүк-өкүттүн, өрөпкүткөн сыймыктын атмосферасына жараткандай эле болушту…
“…Вот последняя правда, открытая мной”
Сөз сүйлөөнүн башын ачып берген Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Т.Океев көркөм чеберчиликти жараткан чыныгы искусствонун эталону болуп калганын айтса, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Эдил Байсалов улуу инсан мыкты чыгармаларды жаратканын, аны дγйнөгө таратканын айтып келип, мыкты тасмаларын санап берип, залда залкардын жубайы Жумаш эже отурганын, сахнада небереси Алия скрипкада ойноп жатканын сыймыктануу менен кошумчалай кетти.
Алардын сөзγнөн кийин алып баруучу Расул чыгыштын алп акыны, математик, философ, ойчулу, айрым философия-лирикалык рубаилерин жатка айтпаган киши аз Омар Хайямдын:
Много лет размышлял я над жизнью земной.
Непонятного нет для меня под луной...
Мне известно, что мне ничего не известно!
Вот последняя правда, открытая мной, — деген саптарын окуп, эскерүүгө философиялык башкача салмак кошо салды…
“Ысык-Көлдү сагынуу”…
Омар Хайямдын белгилүүсүнөн белгисиздиги көп жашоо маңызы тууралуу ырынан кийин кыргыз адабиятынын классиги, жашоо маңызын башкача өңүттөн издөөгө алган акын-котормочу Алыкул Осмоновдун Ысык-Көл тууралуу:
Ысык-Көл, сени сүйдүм, сени ырдадым,
Ырыма өзүң болдуң бел кылганым.
Күнүмдүн ичкен суудай берекеси…
Өзүңдүн бир көйкөлүп ыргалганың! — деген саптары окулуп, артынан саптары алп жазуучу Чыңгыз Айтматовго , обону Кыргыз эл артисти Муратбек Бегалиевге таандык “Ысык-Көлдγ сагынуу” ыры жаңырып, аны А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери Христина Севостьянова менен Аяна Бекенова аткарып беришти.
Колдоруна кызыл алма көтөргөн казак ырчысы жана “Дилгир”…
Сөз кезеги конокторго жетип, алгачкы сөз советтик жана казак актёру, кинорежиссёр, Казакстандын эл артисти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Казакстандын адабият жана искусство чөйрөсүндөгү мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты, Төлөмүш Океевдин “Алтын күз”, “Ак илбирстин урпагы”, “Сүйүү закымдары” тасмаларында тартылган актёр Досхан Жолжаксыновго берилди. Ал Төкөм деп эскерип, домбра чертип ырдап да берди.
Анан колуна кызыл алма кармай чыккан жубайы, актриса, ырчы Каракөз Сулейменова менен “Махабат арманын” ырдап, аларды “Дилгир” элдик бий ансамблинин бийчи кыздары коштоп, алардын да колдорунда кызарган кыпкызыл алмалар жүрдү… Арттагы лед-экрандан Төлөмүш Океев жана анын өмүрлүк жубайы Жумаш апанын сγрөттөрγ, бактылуу мγнөттөрγ көрсөтүлγп турду.
А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын симфониялык оркестри (башкы дирижёр – Захар Бутенко) Г.Свиридовдун “Вальс” чыгармасын аткарышты.
Ушул театрдын солисти Айбек уулу Атахан “Гори, гори моя звезда” (сөзү В.Чуевский, музыкасы П.Булаховдуку, айтылуу Анна Германдын аткаруусунда таанылган) даңазалуу орус романсын аткарды.
Түркмөнстандан келген эл артисттери
Кийинки сөз советтик жана түркмөнстан кинорежиссёру, оператор, сценарист, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Түркмөн ССРнин эл артисти Ходжакули Нарлиев менен Түркмөнстандын театр жана кино актрисасы, СССРдин эл артисти Мая Гозель Аймедовага берилди. Х. Нарлиев Океев мыкты кинорежиссер болгонун баса белгилесе, М.Аймедова “Төлөмγш Океев эскерилет” деген сөздγ укканда зарыл иштерин жыйыштырып, кубануу менен Кыргызстанга келгенин, өзγ жоктугун эстегенде кабыргасы кайышканын, γй-бγлөсγ менен катташта болуп, далай жакшы кγндөрдγ чогуу өткөргөндөрγн эстеп, Т.Океев адамгерчилиги бийик, шайыр адам болгонун айтып, жашып да кетти…
“Жолугабыз аз күндө”…
Коноктордон кийин эл аралык сынактардын лауреаты, опера ырчысы Кубанычбек Атамбаев “Мелодия” деген ырды (сөзү Р.Рождественскийдики, обону А.Пахмутованыкы) созуп, айтылуу Ашыралы Айталиевдин “Жолугабыз аз күндө” аттуу ырын “Ордо-Сахна” фолклордук-этнографиялык ансамблинин солисти Дамира Ниязбекова ырдап берди.
Есть души, где скрыты увядшие зори,
И синие звёзды, и времени листья;
Есть души, где прячутся древние тени,
Гул прошлых страданий и сновидений , — деген испан акыны Федерико Гарсия Лорканын ырынан кийин комузчу, күүчү жана обончу Атай Огонбаевдин “Эсимдесин” Алия Океева скрипкада ойноп берди.
Концерттик бөлүгү залкар режиссерубуздун чыгармачылык ааламындай улуттук да, интернационалдык да болгон эскерүү кечеси опера ырчылары Христина Севостьянова, Аяна Бекенова, Айбек уулу Атахан, Кубанычбек Атамбаевдин аткаруусунда Муратбек Бегалиевдин “Кыргызстан” аттуу ыры менен аяктады.
Позитивные эмоции и самые добрые воспоминания!
“Дамы и господа! Вот и подошёл концу торжественный концерт, посвящённый 90-летию Народного артиста СССР, выдающегося кинорежиссёра и общественного деятеля Төлөмуша Океева. Мы верим, что покидая этот зал – каждый из вас унесёт в своём сердце: только позитивные эмоции и самые добрые воспоминания!” деп алып баруучу айткандай жана өзүбүз башта белгилегендей, залдан сагыныч, өксүк-өкүт, өрөпкүткөн сыймык аралашкан эмоция менен чыгып, залкар кинорежиссер тарткан тасмалардын фотокөргөзмөсγнγн жанынан сγрөткө тγшγп, бир саамга ал тасмалардагы ролдорун жашап аткарган залкар актер, актрисаларды сөз кылып, мыкты кинорежиссерлорду санап, мыкты тасмаларын дагы бир ирет тамшана айтып, Төлөмγш Океевдин 95, 100 жылдыгына чейин аман бололу деген тилек менен тарадык.
**
Айтмакчы, биздин Сиздердей улут асылдарын, улут таланттарын баалаган адамдар, окурмандар, күйөрмандар, сүйөрмандар, кыргыз элим турганда, кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! … дегим келет…
Назира СААЛИЕВА
P.S. Макалага колдонулган сγрөттөр Интернет булактарынан алынды.
Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукумундагы» (Потомок белого барса) көздөрү бажырайган кичинекей каарман Калыгул эсиңиздеби? Бул ролду 5-классында аткарган Айбек Кыдыралиевдин архивдеги маеги бу ШИЛТЕМЕде, окуп коюңуздар…