Тарыхый инсандар

Ысык-Көлдөн чыккан айтылуу 7 Аке — Карга аке, Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Садыр аке, Карач аке, Кыдыр аке мурастары чет тилдерге которулуп, дγйнөгө тарай баштады. Буга себепкер тарыхчы, санжырачы, комузчу, акын, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук жана Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринин Ардактуу профессору маркум Кашымбек Асанбеков. Ал «Ысык-Көлдүн даанышман Акелери” аталышта китеп жазып, ал эмгек «Мудрецы Иссык-Куля» деп алгач орус тилине которулган. Орусчага оодарган — Кыргыз улуттук жана Россия жазуучулар союзунун мүчөсү, Орус адабияты эл аралык академиясынын академиги, жазуучу, акын, котормочу Мусакун Сатыбалдиев.

Аталган китептердин бет ачары Кашымбек ата туулуп-өскөн Дархан айылында (2021-жылы) болуп өткөн. Эми быйыл “The wise fathers of Issyk-Kul Lake” аталышы менен англис тилинде жарык көрγп, бет ачары жакында эле (5-декабрда, Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк маданият борборунда) болуп өттγ. Автордун уул-кыздары уюштурган иш-чарага байбичеси Өкγмкан Асанбекова апабыз, тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмонов, котормочу, профессор Зина Караева, тарыхчылар Аскар Беделбаев, Кубат Таабалдиев, Кувейт университетинин ректору Аскарбек Байсеркеев, Тилекмат акенин бир урпагы Оболбек Аблаков, “Улуу Тоолор” басмаканасынын ээси, акын, жазуучу, иш-чара модератору Жумадин Кадыров, “Кыргыз тили” коомунун президенти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Раимжан Курбанов жана башка да чыгармачыл адамдар келип, Кашымбек атанын ааламынан кеп салып эскеришти. Жогорку тарыхый китепти жазуу оңой-олтоңго турбаганын жана 7 акенин бири Карга акени китепке киргизген Кашымбек Асанбеков болгонун баса белгилешти. Анда эмесе, сөз башынан болсун!
Студент. Аспирант. Ардактуу атуул…
Иш-чара модератору Жумадин Кадыров алгач Кашымбек Асанбековдун өмγр баяны менен тааныштырды.

— Ысык-Көлдүн 7 Акесин элге жайылткан — белгилүү, тажрыйбалуу тарыхчы, санжырачы, комузчу, професcор Кашымбек Асанбеков. Көзγ тирγγ болгондо 85 жашка чыкмак экен. 1941-жылы 4-февралда Жети-Өгүз районунун Дархан айылында төрөлгөн. 1959-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун “Ала-Тоо” колхозундагы курулуштан баштап, ардактуу эс алууга чейин эмгектенген. Колхоздун өсγп-өнүгүγсүнө чоң салымын кошкондугу γчγн 1969-жылы ЦК ВЛКСМдын Ардак грамотасы менен сыйланган. 1970-жылы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун сырттан бүтүрүп, агроном кесибине ээ болгон. Бул кесипке ээ болгону менен бала кезинен бери тарыхка болгон кызыгуусу тарыхчы болууга жетелейт. Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, аны 1997-жылы ийгиликтүү аяктайт. Жогорку окуу жайды бүтүп жатканда “Карга аке” дипломдук ишин жактайт. Карга аке тууралуу маалыматты чогултуу оңойго турган эмес, анын cγрөтүн тарттырат… тууган-уругун кыдырып маалымат топтойт.

Аспирантурага да тапшырат. 2001-жылдан баштап ошол эле университетте мугалим болуп иштеп, 7 акенин жашоосун, иштерин изилдей баштайт. Өз каражаты менен Россия, Италия мамлекеттерин кыдырып, архивдерди аңтарып, 7 аке боюнча матералдарды жыйнайт. Ал эмгеги, жүздөгөн макалалары Ысык- Көлдөгү газета, журналдарга жарыяланат. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Билим, илим жана жаштар саясаты министрлиги К.Тыныстанов атындагы атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети окумуштуулар кеңеши менен “Ыcык-Көлдүн жети акеси” илимий иши болуп бекитилип, басып чыгарууга сунушталат. Ошентип, ошол жылы биринчи китеби жарык көрөт. 2009-жылы бул китеп жалпы билим берүү орто мектептеринде кошумча окуу куралы катары бекитилет. Китеп улам толукталып 4 жолу басылып чыгат. 2016-жылы «Ысык-Көлдүн даанышман акелеринин тарыхы» илимий монографиясы жарык көрөт.

Ушу жерден баса белгилей кетчγ жагдай, 2009-жылы автор инсульт оорусуна чалдыгат, бирок, ага карабай ишин улантып, диссертациясын аягына чыгарат. Бул илимий иши К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл университети менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 2016-жылы угулуп, “Ардактуу профессор” наамы ыйгарылат. 2018-жылы (Карга акенин 300 жылдык мааракесинде) Кыргызстан тарыхчылар ассоциациясы, тaрыхты калыптандырууга кошкон зор салымы үчүн Алтын медаль менен сыйлайт. Ошондой эле “Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу”, “Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу”, “Дархан айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамдары ыйгарылат.
Кашымбек Асанбеков кыргыз тарыхына, маданиятына чоң салым кошуп кетти.
Жети акени коңшу мамлекеттерге таанытам деген тилеги болгонун балдары айтып келет. Ошондой эле алар атасынын тилегин орундатуу максатта түрк, казак, кытай, италия тилдерине которула турганын айтышты. Бул жакшы жаңылык! Кашымбек Асанбеков баарыбыздын эсибизде кыргыздын ардактуу жана сүйүктүү мекенчил атуулу болуп сакталат. Мына бγгγн болсо, англис тилинде жарык көргөн китебинин бет ачарына чогулуп отурабыз. Анда эмесе, алгачкы сөздγ тарых илимдеринин доктору, профессор, III даражадагы «Манас» орденинин ээси Өскөн Осмонов агайга берейин.
Өскөн ОСМОНОВ: “Карга Акени мурда укпаппыз, таңгалып эле калдык…”

Өскөн агай Кашымбек ата 60 курагында да студент болгонун, байбичесин да окутканын, “Карга аке” дипломдук ишин жактаганда мугалимдер 4 деген баа коюп коюшканын… ошого ушул убакка чейин өкγнөрγн айтып кγлдγрγп, бир топ тарыхый окуяларды эске салды:
— Мындан 4 жыл мурун (2021-жылдын 24-октябрында – авт.) «Ысык-Көлдүн даанышман Акелери/Мудрецы Иссык-Куля» аттуу кыргыз, орус тилдериндеги китептин бет ачары Кашымбек Асаналиевдин туулуп-өскөн жери Дархан айылында болуп өткөн. Ага да барып катышкам. Бул китеп орус, англис тилдерине которулуп, дγйнөгө таратылып жатат.
Кашымбек Асанбеков Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, аяктап жатканда 60 жашта экен. “Карга Аке” деген дипломдук иш жазып, аны коргоп жатканда мен барып калдым. Карга Аке тууралуу такыр укпаппыз, аябай таңгалып, кызыгуу менен уктук. А чынында буга чейин Мойт аке, Карач аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Садыр аке, Кыдыр аке — алты аке тууралуу угуп келгенбиз да. Мына ушул алты акеге жетинчи аке кылып кошкон — Кашымбек Асанбеков. Ал тарыхый, илимий, архивдик документтер менен далилдеди. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Дархан айылынан чыкканын, туулган жылы 1718-жыл экендигин жазып жатпайбы. Демек, 7 Акенин баарынан улуусу. Карга Акенин сγрөтγн да тарттырган, бир топ материалдарды чогултуп, далилдеп, окуу китебине киргизген. (Кγлγп) Ушундай эмгегине биз 4 деген баа коюп койгонбуз. Ошондон ушу убакка чейин эмнеге 5 деген баа койгон жокпуз деп өкγнөм. Ошондон баштап жакшы мамиледе болдук. Байбичесин да окутту. Апаны, балдарын ээрчитип мага көп келчγ. (Кγлγп) Жашы улуу болгону менен мени агай деп койчу.
Карга Акенин атынын коюлушу да кызык. Жарык дүйнөгө келгенде, ат таппай отурганда, боз үйдүн үстүнө карга учуп келип конуптур. Илгерки ата-бабаларыбыз эмнени көрсө, ошонун атынан балдарынын атын кое беришчү эмес беле. Карга 300 жыл жашайт эмеспи, «уулубуздун өмүрү узун болсун» деп ырымдап Карга деген ысым ыйгарышыптыр. Анын сыңарындай Карга аке 110 жашка чыгып каза болуптур. «Жаш сурасаң, Карга акеге бар» деген сөз ошондон чыкса керек да.
1996-жылы Карга акенин урпактары (280 жылдыгына карата) Дархан айылындагы мүрзөсүнө чоң күмбөз-монументин тургузган. 300 жылдыгы 2018-жылы Бишкекте жана Жети-Өгүз районунун Дархан айылында өткөн.
“Карга Акени” даңазалаган Кашымбек Асанбековдун бул китеби 11 жолу басылып чыккан. Ушундай чоң эмгектеринде Карга Акенин акелик даражасы тастыкталган. Тарыхый инсандарды жазып, адабият, маданиятка зор салым кошуп кетти. Атасын унутпай, эскерип, эмгектерин элге жеткирип жаткан уул-кыздарына терең ыраазычылык билдирем!
“Эне жөнγндө баян” …
Ал ортодо музыкалык тыныгуу болд, кыргыз ырлары ырдалды… Опера ырчысы Эльгиз Бейшенбаев жандуу γн менен залды жаңыртты. Канышай Сγйγмбай кызы комуз менен ырдап шаңга бөлөдγ. Кашымбек атанын уулу Уланбек скрипкада ойноду…
Ырды көркөм окуу жагынан алдына киши салдырбаган “Кыргыз тили” коомунун президенти Раимжан Курбанов эркекти алдыга сγрөгөн аялзаты болорун айтып, Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун “Эне жөнγндө баян” аттуу ырын көркөм окуп берди.
Мындай жакшы ырын толук болбой калгандыктан Интернеттен алып, илип койдук:
Андан соң Жумадин агабыз Кашымбек Асанбековдун «Калың журтка кайрылуу» ырын көркөм окуп берди.
Калың журтка кайрылуу
Кайрат берчү өзүмө,
Кайрыламын элиме.
Кысталган өткөөл мезгилде,
Мекениме демилге.
Коом өзгөрүп жатканда,
Канымдагыны айтайын,
Калайык, тыңдап кабыл ал.
Ата-баба мурас салтын баалайлы,
Ар улуттун кыйбас жагын жактайлы.
Уюткусу ырыстын,
Оболу ынтымакты кармайлы.
Эзелтен элим эңсеген,
Эгемендүүлүгүбүздү сактайлы.
Элдик бийлик күч алаар,
Акыйкаттык үн алаар,
Аны ардактап ар ким күтө алаар.
Тагдырлар калбай кайдыгер,
Калыстык болуп эгедер,
Кадырына эл жетер.
Элим эченди башынан өткөрүп келген,
Кыйын кезеңдерди туруштук берип жеңген.
Жашоо мөөнөтүндө кымбаттап келмек,
Арылтаар биримдик, бийлик,
илим, өнөр, орошон эмгек.
Эмгек, Эмгек жана Эмгек!
Жумуш жок деген куру сөз,
Турбайбы мээнет түгөнбөс.
«Эр эмгегин жер жебейт»,
Жер иштеткен келбеттүү.
Болуп туруп ден соолук,
Жанына кылбайт камкордук.
Жакырдын жайы жалкоолук,
Кендирди кескен жалкоолук.
Ишкердик экен күлазык,
Ишкердикке жол ачык.
Ишкердикти туталык,
Таттуу даамын сызалык.
Мал киндиктүү жерибиз,
Мал жандуу ата-тегибиз.
Колдон келчү бир иш бар,
Жайыт, жайлоо не түркүн,
Күтүрөтүп мал күткүн,
Таза «күркүл» болосуң.
Ээ жарандар!
Эркиң барда жакшылык колдон келсе,
Ээси болгун тартуу кылгын элге-жерге.
өлүм кандай шум кандай,
өтүккө мык каккандай,
өтүп кетет ар кандай,
Сыдыргыга салгандай,
Бу дүнүйө жалгандай,
Түрдүү жан жарык жайга келип кеткен,
Сен да конок бир келген жетеленген.
Адамды аздектесе ак ниет кенен пейил,
Журту колдоор кайда жүрсө жүгү жеңил.
Боор жибитет ушул тапта боорукердик,
кайрымдуулук,
Баарын жеңет аста секин,
Сары алтын сабырдуулук.
Жакшылыктын чеги жок,
калыстыктын теңи жок.
Эл камын көрүп,
эл үчүн күйүп-жанып,
Ысымына ыйык жүк арткан инсандарга
Урмат! Урмат!
Аларга жол берчү мезгил келди.
Өз камын көрүп, эл ичин бузуп-жарып,
Тукумуна былык түйшүк тарткан,
Кир жандарга Наалат!
Буларга тор керүүгө убакыт жетти.
Тоолуктардын жеринде,
толкугандай Ысык-Көл,
Темирдей тартип орносо.
Өнөр жайлар от алып,
жумушсуздар иш алып,
Шаар калкы оңолсо.
Мафия жиби үзүлүп,
паранын аты өчүп,
Коррупция токтосо,
Өлкөм өр таянып бет алат!
Бейпил түн кетпей төрүбүздөн,
Береке качпай элибизден.
Бейкуттук учпай жерибизден,
Турары биздин өзүбүздөн.
Калың журтум, тууган эл,
Кайрыламын, ыкка кел.
Азат туусу колубузда,
Бүт дүйнө билген эл болдук,
Өлкөбүзгө өзөк болуп, өрүш берчү,
Демократияны – Эл бийлигин коргойлук!
***
Зина КАРАЕВА: “Ысык-Көлдүн даанышман Акелери» кытай тилине которулат»

Музыкалык тыныгуудан кийин «Ысык-Көлдүн даанышман Акелери/Мудрецы Иссык-Куля” китебин англис тилине которгон котормочу, филология илимдеринин доктору, Кыргызстан эл аралык университетинин профессору Зина Караевага сөз берилди. Эжебиз алгач Кашымбек атабыздын байбичеси Өкγмкан апабызга ыраазычылыгын билдирди. Атаны унуткарбай, балдарынын эсине салып турган эне болорун, уул-кызды жакшы тарбиялап, аларга туура жол көрсөткөн, кγйөөсγнγн чыгармачылыгына шарт тγзγп берүүдө аялдын ролу чоң экендигин баса белгилеп, Өкγмкан апага таазим кылды.
Кашымбек Асанбеков менен анын кызы Жаңыл аркылуу Москвадан таанышканын, англис тилине которуу ал кишинин аманаты болгонун айтты.

— Японкага окшош бир татынакай кыз кыргыз тилинде сγйлөшγп келатат. Өз тилиң кулакка жакшы угулат эмеспи. “Сен кыргызсыңбы?” десем, «Ооба» деп кγлγп, “Жγрγңγз, γйгө барып чай ичип кетиңиз” десе, “кыргыздын салтын жакшы билген кыз экен” деп андан бетер кубандым. Ошондо Жаңылдын атасы Кашымбек Асанбеков менен таанышып, өзγм тууралуу айтып бергем, азыр да учкай айта кетейин. Мен адегенде айылдык мектепте иштеп, англис тилинен окуучуларга сабак бергем. Кийин ОшМУнун чет тилдер факультетинде окутуучу, ага окутуучу болуп эмгектендим. 1989-жылы Ташкент шаарындагы Ф.Энгельс атындагы чет тилдер институтунда кандидаттык диссертациямды, 2006-жылы «Котормонун лингвистикалык жана семиотикалык проблемалары» темада докторлукту жактагам. 2012-жылы Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин Курманжан Датка тууралуу «Ханышанын көз жашы» чыгармасын англис тилине которгом. Бул эмгегим Лондондо өткөн котормочулар форумунда 1-орунга ээ болгон. Жалпысынан 15 китеп которгом, арасында Тенти Адышеванын, Жоомарт Бөкөнбаевдин ырлары, Галина Долгаянын «Орто Кылымдын Кудайлары» чыгармасы бар. 100гө жакын илимий макалалардын авторумун. Мына эми 7 Аке которулуп, жарык көрγп отурат. Китеп которууда да мыкты редактор керек, андай адам дагы табылды. Бирок, негедир китепке аты-жөнγн жазууну каалаган жок. Бир жакшы жаңылыгым бар, жакында эле биздин университетке кытайлар келип, ушул китепти кытай тилине которгонго алып кетишти. Бул тарыхый китеп эми Кытайда да окулат. Негизи биздин милдет — тарыхый инсандарды кийинки муунга окутуп, жеткирγγ.
Көчөгө ысымы ыйгарылды

Андан соң дагы бир жакшы жаңылык айтылып, Дархан айылындагы маданият γйγнγн директору Мурат Оторбаев айыл депутаттарынын токтомун окуп берди. Анда 6-көчөгө Кашымбек Асанбековдун ысымы ыйгарылганы жазылыптыр.
Эске сала кетсек, 2021-жылы Дархан айылында эскерилгенде тарыхчылар Кашымбек Асанбековдун ысымы Дархан айылындагы көчөнүн бирине беришили тууралуу маселени көтөрγшкөн. Маркумдун уул-кыздары, туугандары сунушту кубануу менен кабыл алып, айылдык депутаттарга арыз менен кайрыла турушкандарын билдиришкен эле. Мына, ошол сунуш эске алынып, токтом чыккан жакшы кабар баарыбызды кубантты.
Дагы бир жакшы жаңылык…

Кашымбек атанын иш-чараны уюштурган уул-кыздарынын айтымында, ал киши Карга Акени он жыл изилдеп, Москва, Санкт-Петербург, Италия, Венецияга чейин барган. Далилдеп, тастыктап тарыхый китепке киргизген эмгеги түрк, казак, кытай, италия тилдерине да которулганы турат.
Уулу Уланбек «2020-жылы 24-августта 79 жашында оорудан каза болгон атабыз көзγ тирγγ болгондо эмки жылы 85 жашка чыкмак» деп айтып келип, мараакесине карата атасынын эскерγγ кечесин, апасынын 80 жылдык тоюн өткөрсөк деген аруу тилектери бар экенин билдирди…
“Абышкамдын эмгеги айыл эмес, ааламга тарап жатканына кубанам”

Иш-чара аягында Кашымбек атанын акылына акыл кошуп, чыгармачылыгына шарт түзүп берген байбичеси Өкγмкан апабыз алтындай убактыларын бөлγп, атайы алыстан, Дархан айылынан бери жол жγрγп келген конокторго, катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берди.
Апабыз абышкасынын кыргыз, орус, англис тилдерине которулган китеби «Кыргыз тарыхы» окуу китебине киргизилгенин, эмгеги айылга эле эмес, ааламга тарап жатканына кубанганын айтты.
Скрипач…

«Аккан арыктан суу агат» дегендей, Кашымбек Асанбековдун уул-кыздары да чыгармачылык чыйырдан алысташкан эмес. Кыздарынын бири Россия тасмаларына тартылып, бир уулу Кыргызстанда белгилγγ скрипач.
Скрипкада ойногон уулу Уланбек ырчы Актан Исабаев, маркум алып баруучу Салтанат Саматова, «Ак илбирстин тукуму» тасмасында Кожожаштын уулун аткарган Айбек Кыдыралиевдин классташы. «Шантелл» тобун тγзгөндөрдγн бири. К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияны аяктаган. Кыргыз эл артисти Муратбек Бегалиевдин алгачкы бүтүрүүчүсү. Таланттуумун деп дегеле бой көтөрбөгөн жөнөкөй, адамгерчилиги бийик, ыймандуу жигит Уланбек учурда кесиби менен көп жерлерде иштеп, тамадалык да кылат.
Атактуу актриса Жаңыл Асанбекова
Кашымбек атанын жогоруда котормочу Зина эже учкай айтып өткөн кызы Жаңыл атактуу актриса. Ал учурда γй-бγлөсγ менен Орусияда жашайт. Бир уул, бир кызы бар. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын аяктаган боюнча ошол жакта жашап калган. 20дан ашуун тасмага тартылган. Бирок, кыргызстандык көрөрмандар аны комедиясы, мелодрамасы, драмасы аралаш «Кухня» телесериалындагы сөзү, кылык-кыймылы эсте каларлык каарман Айнура аркылуу жакшы билишет. Калганын тасмадан көрүңүз…
Италиядагы Салтанат…
Атасынын китептерин дүйнөнүн ар кай тилине котортом деп чырылдап чуркап жүргөн Салтанат кызы учурда Италияда жашайт. Аны менен айтылуу акын Байдыла Сарногоевдин тун кызы Гүлсана эже аркылуу 4 жыл мурун таанышкам… Ошондон бери байланышыбыз үзүлбөй келет… Жакында эле архивдеги — 2021-жылдагы эскерүүнү толугу менен жарыялаптыр, көрүп коюңуздар…
Ар бирибиздин милдетибиз, парзыбыз…
Өмүрү өрнөк, кыргыздын кылымда бир жаралчу тарыхый инсандарынын басып өткөн жолу, алар кылган тоодой эмгектер — жалпыбыз үчүн өрнөк жол, үлгү тутар өмүр жол. Алардын мурасын сактоо, жайылтуу, айта жүрүү, муундан-муунга өткөрүп берγү — бир гана ушундай асыл адамдардын балдары эле эмес, жалпыбыздын милдетибиз, парзыбыз…
Эсен болуп, эстей жүрөлү, мекендеш, замандаш жакшылар!
***
«АКЕ» наамы — эл берген улуу даража
Кашымбек Асанбеков «Ысык-Көлдүн даанышман Акелери» эмгегинде кайдан чыккан, кимдерге айтылган деп «Аке» терминине да токтолгон.

«…«Аке» наамы — эл тагдырына күйүп-бышып, токсон толгонуп, элдин келечегинин камын көргөн элдик инсандарга эл урмат-сый кылып берген улуу даража. Акелер адамдык улуу сапаттардын ээси, калыс, адилет, чындыктан тайбаган, кыраакы, элдин өзгөчө куту болушкан. Коомдо даанышмандыктын, акылмандыктын, билермандыктын кепили болуп, карапайым эл менен тыгыз байланышып, жалпы элдин ынтымагын көздөп, тышкаркы эл менен алака түзүүдө туура багыт беришкен, бийликке аралашып, саясатта да аброй күтүшкөн.
Ысык-Көлдө дараматине карай Акелер шатысынын эң жогорку баскычында жети Аке таанылды. Кийинки баскычтарда айылдын эл-журтка таасирдүү өз акелери бар…»
Андыктан, Аке — билгичтиги, акылмандыгы, даанышмандыгы менен тарыхта калган, көптү көргөн, көптү билген эр адамга эл тарабынан берилген даража. Мындай жогорку сапаттарга ээ АКСАКАЛДАРдан болуш… азыр кыйын… Жокко эсе деле… Бирок муктажбыз… Андай адамдарды, балким, тарыхый зарылчылык жаратар…
Анткен менен, Кашымбек Асанбеков филология илимдеринин доктору, профессор Акеш Имановдун иликтөөлөрүнө таянып: «…1840-жылдарда Жыргалаңдын боюнда өткөн чоң жыйында кадимки Тилекмат Мойт атаны, Сарт абаны «Аке» деп атоону сунуш кылганда калың эл түп көтөрө колдоп кетишкен. Ошондон тартып алар «Мойт Аке», «Сарт Аке» деп аталып калышат. Ошондо Мойт 90го, Сарт 60ка барып калган « деп кызыктуу маалыматтарды келтирген… Дагы да кызыктар толтура… Андыктан китепти окуп чыксаңыз, өкүнбөйсүз, кыргыз таанымыңыз бир топ кеңейет…
Назира СААЛИЕВА

