12-июлда 12 төкмө акын тандоо турунан өттү (Тизме)

12-июлда 12 төкмө акын тандоо турунан өттү (Тизме)

Бул тууралуу «Манас» театры билдирди. Алар маалымдаган «Ак таңдай — 2022» республикалык төкмө акындар айтышы Чоң-Алай районунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата тоо жүрөк эл жашаган Чоң-Алайдан чыккан — комузду кол ойнотуп, обон жазып, күү чыгарып, айтылуу Атайдын “Ой, булбулу”, “Күйдүм чогун” керемет аткарып өткөн залкар ырчы Буркан Акимбеков жана дастандарды таржымалы менен айтып, комузду кыйын чертип, көмөкөйдөн ыры төгүлгөн төкмө акын Бекмурза Камиловдун жаркын элесине арналып өтүп жатат. Ушул улуу өнөр ээлерин эстеп жарышка чыккан төкмө акындарды тандоо туру бүгүн, 12-июлда,  “Манас” кинотеатрында болуп өттү. Эми жарым финал, финал  нөшөрлүү ырчы Буркан атабыз менен ак таңдай төкмө акын Бекмурза агабыздын кичи мекени орун алган Чоң-Алай районунда 20-июлда өтөт.

ВИДЕО

“Атын атаса, куту сүйүнөт” дегендей, тандоо турунан өткөн төкмө акындарды атабай койсок болбойт. Анда, таанышып алыңыздар, алар:

  1. Мамбеттокто Мамбеторозо — 50 упай
  2. Акматбек Султан уулу — 50 упай;
  3. Нурсултан Абдыкеримов — 50 упай;
  4. Мундузбек Борончиев — 50 упай;
  5. Мамбеттокто Өмүр уулу — 50 упай;
  6. Чыңгызхан Кожошов — 50 упай;
  7. Жылдызбек Төрөканов — 49 упай;
  8. Баян Акматов — 49 упай;
  9. Турат Жумаев — 49 упай;
  10. Кубат Тукешов — 48 упай;
  11. Тынарбек Бураев — 47 упай;
  12. Тынчтык Эсенбай уулу — 46 упай

Аккан арыктан суу агат”….

Атайдын “Ой, булбулу”, “Күйдүм чогун” керемет аткарып өткөн залкар ырчы Буркан Акимбеков
Атайдын “Ой, булбулу”, “Күйдүм чогун” керемет аткарган Буркан Акимбеков.

Айтмакчы, ата жолун улап, «Аккан арыктан суу агат” дегендей, чоң атасы Акимбек, өз атасы Буркандан алган ырчылык, төкмөчүлүк өнөрдү Абдибали Акимбеков агабыз улантып келатат. Өзү да ЭлТР каналында далай таланттарды сүйлөтүп, өнөрлөрүн тааныштырып он жылдан ашуун «Ак таңдай» көрсөтүүсүн алып барып жүрөт.

Комуз кармап "Ак та=дайда" конок болгон Бекмурза Камилов агабыз.
Комуз кармап «Ак таңдайда» конок болгон Бекмурза Камилов агабыз.

Бекмурза Камилов агабыз да көзү тирүүсүндө ошол көрсөтүүнүн биринде конок да болгон экен. “Бейишин берсин атамдын. Шум ажал алып кетти айла жок. Υнү уккулуктуу эле кайран Атам. Комузда кол ойнотуп, коңур үнүңүз менен, көп жолку акындар айтышына катышып, конкурстарга катышып бизди кубантчу элеңиз. Арман дүйнө, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун атамдын” деп кызы Нурила Камилова жазыптыр ошол видео жайгашкан Ютубдагы баракчага

 

Баса, Ютубдагы  “Ак таңдай”  баракчасы Абдибали байкебизге таандык, кезектеги республикалык айтыш арналып жаткан кыргыздын Алайдан чыккан эки таланты Буркан Акимбеков менен Бекмурза Камиловдун чыгармачылыгы менен ушул жактан таанышсаңыздар да болот.

Өнөрдү, өнөр адамдарын сыйлаган элибиз барда элдик таланттарыбыздын элеси өчпөй жашай берет…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.