Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованын ишин териштирүү уланды. Прокурорлор сүйлөп, суроо берди. Аида Жеңишбековна: «Мага коюлган айыптын маани-маңызын эч ким түшүнбөйт. Ал кайсы кылмыш беренесине туура келерин, келбесин жана кайсы мыйзам бузулганын да так айтып бере алышпайт», — деди.
Тыныгуу жарыяланды. Тыныгууда Аида Салянованын айткандары видеодо.
Эрзат МЫРЗА