Мындай жакшы кабарды “Азаттык” радиосу жазып чыкты. Аларга Ысык-Көлдөгү райондук оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Чолпон Мансурова билдирген. Үч эмдин энеси Таалай кызы Канышай 22 жашта, атасы Искен Койгелдиев 25 жашта. Алар бир жыл мурун баш кошушкан. Чолпон-Ата шаарында жашашат. Канышай ай-күнүнө жетпей, операция жолу менен төрөгөн. Ымыркайлардын экөө кыз (салмактары 1,9 кг), бири уул (салмагы 1,6 кг).
Нази БАЯН кызы