Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, азыр ал убактылуу тергөө абагына камалды. Тергөө иштери улантылууда. Ошондон улам, анын аты-жөнү азырынча ачык айтылбайт. 27 жаштагы бала Чүйдүн тургуну экени гана айтылды. Укук коргоо кызматкерлери аны Маевкадагы бир топ күбөлөрдүн айтуусу менен кармашкан.
Эскерте кетсек, 17-октябрга караган түнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айылында бир нече ууна, үй өрттөнгөн.
Эрзат МЫРЗА