Бүгүн, 27-октябрда, Ноокат районунда “Алма ярмарка-фестивалы” аталган жарменке башталды. Жарменкенин максаты – Ноокаттагы алмалардын түрүн чет өлкөлөргө жайылтуу. Бул боюнча учурда тегерек стол өтүүдө. Ага ар кайсы өлкөдөн чакырылган коноктор, журналисттер катышууда.
Жарменкеге алмалардын сортунун жана Ноокаттагы алмалардан жасалган азык-түлүктөрдүн көргөзмөсү коюлган.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы