Бул тууралуу ӨКМ Басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына караганда, бүгүн Чүй облусунун Ысык Ата районунуна караштуу Кант шаарынын Токтогул көчөсүндөгү №8 а үйүнүн №3 батиринин сарайынын чатыры күйгөн. Чатыр жыгач устунга ашталып шифер менен жабылган. Сарайдын 20 чарчы метр чатыр, 1 жыгач эшик, 2 жыгач терезе күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби — тамеки тартуудагы этиятсыздык болгон.