Ата-энеси жардам сурап кайрылууда. Эшимов Алинур 2015-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Оттук айылында төрөлгөн. Эки жаштагы бөбөк боор оорусуна чалдыгып, аны дарылоо (Москва шаарында болот) үчүн ири суммадагы каражат керек экен. Алинурдун ата-энесинде андай акча жоктугунан улам, колунда бар кайрымдуу калкына кайрылып турган кези.
Колунда бар, кайрымдуу инсандар болсо, төмөнкү телефондорго чалсаңыздар: (0703) 9062 63, (0703) 01 90 80. Кайдыгер карабайлы, калкым! Жардам бериңиздер!
«Такыр эле мүмкүнчүлүгүн жок, болсо жардам аябайт элем» деп ичинен сызгандар болсо, ушул кайрылууну таратып койсоңуздар деле чоң жардам!