Атамбаевдин ырын ырдаган Закиров «Достук» ордени менен сыйланды (ВИДЕО)

Атамбаевдин ырын ырдаган Закиров «Достук» ордени менен сыйланды (ВИДЕО)

Бүгүн, 22-ноябрда, Атамбаев Өзбек эл артисти, ырчы, композитор, “Ялла” вокалдык- инструменталдык ансамблинин көркөм жетекчиси Фаррух Каримович Закировду “Достук” ордени менен сыйлады.

“Закировдун Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон чоң салымы, көп жылдык жана үзүрлүү чыгармачыл эмгеги үчүн бердим,- деди президент. А биз болсо өзүнүн калеминен жаралган “Кыргызстаным” (сөзү, обону, аткаруучу да ажо өзү) аттуу ырын октябрдын башында кыргыз тилинде ырдап чыкпады беле, ошон үчүн го деп ойлоп жатабыз. Себеби, Атамбаевдин «көрүп, сүйүнүп калдым» деп айтканы бар.

Ф.Закиров Атамбаевдин ырын ырдаганы ВИДЕОдо.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.