“Кыргыз Эл баатыры” жогорку наамы өлкөгө өзгөчө эмгек сиңирген жана баатырдыгы үчүн берилет. Бул наам буга чейин 22 адамга ыйгарылган.
“Кыргыз Эл Баатыры” болгондордун тизмеси:
- Чыңгыз Айтматов, жазуучу жана коомдук ишмер. 1997-жылы 4-февралда алган.
- Эрнст Акрамов, белгилүү хирург, коомдук ишмер. 2009-жылы 20-ноябрда алган.
- Таштанбек Акматов, фермер, мамлекеттик жана коомдук ишмер. 2013-жылы 12-мартта алган.
- Курманбек Арыков, монтажник. 2002-жылы 22-августта алган.
- Асанкан Жумакматов, белгилүү композитор, дирижер. 2003-жылы 26-январда алган.
- Бексултан Жакиев, драматург, Кыргыз Эл жазуучусу. 2011-жылы 28-августта алган.
- Сооронбай Жусуев, Кыргыз Эл акыны, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. 2007-жылы 16-февралда алган.
- Сүйүнбай Эралиев, Кыргыз Эл акыны, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. 2006-жылы 31-октябрда алган.
- Төлөгөн Касымбеков, Кыргыз Эл жазуучусу. 2007-жылы 16-февралда алган.
- Күлүпа Кондучалова, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер. 2010-жылы 18-сентябрда алган.
- Сабира Күмүшалиева, Кыргыз Эл артисти. 2000-жылы 22-августта алган.
- Жусуп Мамай, кытайлык кыргыздардан чыккан айтылуу манасчы. 2014-жылы 30-майда алган.
- Мамбет Мамакеев, көрүнүктүү хирург, коомдук ишмер. 2004-жылы 24-ноябрда алган.
- Муталип Мамытов, белгилүү нейрохирург. 2011-жылы 28-августта алган.
- Абсамат Масалиев, мамлекеттик жана коомдук ишмер. 2005-жылы 25-июнда алган.
- Исхак Раззаков, партиялык жана мамлекеттик ишмер. 2010-жылы 29-декабрда алган.
- Тургунбай Садыков, белгилүү скульптор. 1997-жылы 4-февралда алган.
- Дооронбек Садырбаев, кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер. 2010-жылы 27-октябрда алган.
- Түгөлбай Сыдыкбеков, жазуучу. 1997-жылы 4-февралда алган.
- Турдакун Усубалиев, партиялык жана мамлекеттие ишмер. 1999-жылы 14-октябрда алган.
- Салижан Шарипов, белгилүү космонавт. 1998-жылы 3-февралда алган.
- Алиясбек Алымкулов. Экс-министр. 2011-жылы 28-августта алган.
Эрзат МЫРЗА