“Кызматка жулкунбаган жалгыз кыргыз – Илмиянов” деген Атамбаевдин “баласы” бүгүн кызматынан бошотулду

“Кызматка жулкунбаган жалгыз кыргыз – Илмиянов” деген Атамбаевдин “баласы” бүгүн кызматынан бошотулду

Атамбаевдин жакшы көргөн “баласы” Икрамжан Илмияновдун президенттин кеңешчилигинен бошотулгандыгы тууралуу президенттин аппараты билдирди. Алардын айтымында, Алмазбек Атамбаев кол койгон. Илмиянов кечээ өлкө башчысынын колунан III даражадагы «Манас» орденин алган.

Сыйлык берээрдин алдында Атамбаев Илмияновду минтип мактаган:

“Бардыгы портфелге жулкунуп турганда, депутат болуудан жана мамлекеттик кызматтан баш тарткан жалгыз кыргыз — Икрам Илмиянов болду. Ушундайлар көп болушун Кудайдан тилейм. Илмиянов менде 18 жыл иштеди. Мени менен 25 жылдан бери иштеп келатат. Ушул жыл арасында ал эмнени гана көргөн жок. Акаевдин убагында, акаевчилер күч органдары аны кармап алып, башына пакет кийгизген. Биз ушунун баарын баштан өткөрдүк. Анын баары артта калды. Азыр башка заман. «Вазир жакшы, хан жакшы» деген жакшы макал бар го. Кантип мен ушул жакшы вазирлеримди сыйлабай коем? Бул туура, мени туура түшүнгүлө. Алар таза иштеп табышты. Менин мүнөзүмдү эске алганда”.

Буга чейин да Атамбаев мактап келген: «Көрө калганыңар эле Илмиянов. Мен ага: «Шоопурлардын партиясын түзүп алып, президент болбойсуңбу» деп айттым» деп күлгөн…

Атамбаевдин «Мамлекеттик кызматтан баш тарткан» дегени калп. Анткени, Илмияновду майлуу-сүттүү кызматтарда эле иштетти. Алсак, президенттин аппарат башчысынын орун басары, кеңешчиси болгон. Кечээ эле КРнын президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болчу, бүгүн андан бошотту. Демек, кайрадан өзүнүн шоопуру болот окшойт да. Буга чейин өзү менен чогуу эле алып жүрбөдүбү…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.