29 жаштагы белгилүү ырчы Омар (Өмүрбек Жанышов) Диана аттуу Чүйлүк (өзү Таластык) кызга үйлөнүп, ата-энесин келиндүү кылып сүйүнттү. Эки жаштын үйлөнүү-үлпөтү 2-декабрда “Ала Тоо” ресторанында өтөт.
Омардын атасына телефон чалып, куттуктап, “өзү таптыбы же сиздер кудалашкан кызды алдыбы?” десек, ал: “Жок, биз кийлигишкен жокпуз, өзү эле сүйлөшүп жүргөн кызына баш кошту. Биздин бир кыз, бир балабыз бар. Кызыбызды турмушка бергенбиз. Эми минтип уулубузду үйлөнтүп, кичинекей үй-бүлөлүк мамлекетин куруп берип жатабыз. Кечээ кудалар тарап ресторандан кыз узатуу жөрөлгөсүн жасашты. Биз дагы салт-санаасын кылып, алдына түштүк. Эки балабыздын үйлөнүү-үлпөтүн, келаткан ишембиде, 2-декабрда, “Ала Тоо” ресторанында өткөргөнү турабыз. Биздин үйдө эки кубаныч болууда. Бири – келиндүү болдук, экинчиси — Омар Казакстандагы ырчылар конкурсунан (Казакстанда өткөн Silk Way Star музыкалык шоу конкурска катышып, жемиштүү келди — авт.) жеңиш менен келди. Эки кубанычыбызды тең бөлүшүп, сиздерге окшоп чалгандар, келгендер болууда. Ыраазыбыз, ырахмат сиздерге, баарыңыздарга ырахмат”,-дейт ырчынын атасы кубанып.
Баш кошкон эки жаш бактылуу болушсун! Табышкан эки жаш таалайлуу болушсун! Эмки жылы бешик тоюн беришсин!
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы