Рыскелди МОМБЕКОВ: “Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгилениши керек”

Рыскелди МОМБЕКОВ: “Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгилениши керек”

Бүгүн, 30-ноябрда, Жогорку Кеңештин “Ар кандай маселелер” саатында депутат Рыскелди Момбеков белгилүү манасчы, КРнын Баатыры Жусуп Мамайдын келерки жылы белгиленүүчү 100 жылдыгына карата жасала турган иштер солгундап жаткандыгын көтөрүп чыкты.

Анын маалыматы боюнча өткөн жыйындардын биринде депутат Адыл Жунус уулу манасчы Жусуп Мамайдын атын түбөлүккө калтыруу максатында борбор калаанын көчөлөрүнүн бирине анын ысымын ыйгаруу, анын айкелин тургузууга жер бөлүү маселесин көтөргөн. Бирок бул маселени КР Өкмөтү шаар мэриясына тапшырса, мэрия трансформация маселесине шылтап, жер бөлүү жагын кечеңдетип, маани берилбей жатыптыр.

“Белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгилениши керек”,- деди депутат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.