2-декабрда активист жаран Шамбет Кубатбеков камактан бошотулат

2-декабрда активист жаран Шамбет Кубатбеков камактан бошотулат

2-декабрда, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында 16 күн олтурган активист жаран Шамбет Кубатбеков камактан чыгат. Буга чейин, бул күнү чыгаарын юрист Бабырбек Жээнбеков да билдирген.

Эскерте кетсек

15-ноябрда, кечки саат 19:00до активист жаран Шамбет Кубатбеков камакка алынган. Биринчи май райондук соту 2-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Эмне себептен камакка алынганы азыркыга чейин табышмак. Аны өзүнөн сурап, маалымат беребиз.

Бирок…

Коомдук ишмер, юрист Бабырбек Жээнбековдун жана активист жарандарыбыз Мавлян Аскарбеков менен Айбек Мырзанын айтымында, бул «саясий куугунтук». Андай болушу мүмкүн. Себеби, 3-ноябрда Таластагы тынчтык митингине Шамбет Кубатбеков катышып, бийликке катуу сын айткан.

 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.