2,6 жаштагы баласын тепкен атаны сот эртең суракка алат

2,6 жаштагы баласын тепкен атаны сот эртең суракка алат

Кечээ, 2-декабрда кардын үстүнө көмкөрөсүнөн жатып калган кичинекей баланы атасы колун чөнтөгүнө салып карап тура берген, бөбөк болсо эптеп өзү тизелеп турууга аракет кылып, кайра чалкасынан түшүп калган баласын атасы тургузуунун ордуна тээп, колунан жулкулдатып тургузганы видеого тартылып, ал интернетке тарап, издөөгө алынган. Аны Бишкек шаардык милициясы бат эле таап, убактылуу кармоочу жайга киргизип, кылмыш ишин козгогон.

Милициялардын суракка алганда, ал 50 жаштагы А.Б. аттуу адам Улан-2 кичирайонунун жашоочусу болуп чыккан. Ал суракта 2,6 ай баласын тепкенин мойнуна алган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Сот анын баш коргоо чарасын эртең, 4-декабрда карайт. Бул боюнча Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев да реакция кылып, атасынан тепки жеген наристенин ден соолугун ар тараптуу текшерүүгө даяр экенин “Азаттыкка” билдирген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.