Аялын сабап, кызын уурдап кеткен киши изделүүдө

Аялын сабап, кызын уурдап кеткен киши изделүүдө

ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Мария Жапаркулова аттуу айым мурдагы күйөөсү кызын уурдап кеткени боюнча милицияларга жардам сурап кайрылган. Жабырлануучу Жапаркулова кызы менен 2-декабрда, саат 14:00до чамасында Эркиндик бульвары менен Чуйков көчөсүнүн кесилишинде сейилдеп жүргөн. Кимдир бирөөлөр капысынан кол салып, аны түртүп, уруп (денесинен жаракат алган) кичинекей кызын уурдап кетишкен. Жабыркаган келин уурдалган кызын мурунку күйөөсү менен анын бир катар туугандарынан шек саноодо. Анткени ал аларга карата чара көрүү арызын жазган. Анын үстүнө кызын талашуу боюнча Ленин райондук сотунда иш каралып жаткан учурда уурдалып кеткени күмөн жаратат. Андан тышкары, Жапаркулова кызы атасы менен жашап жатканын угуп, көргөн-билгендер болсо, милицияга кабарлап коюну да өтүнгөн.

Учурда бул окуя боюнча Биринчи май РИИБси иш жүргүзүп, күбөлөрдү суракка алууда.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.