СҮЙҮНЧҮ: Көк бөрү ЮНЕСКОнун тизмесине кирди!

СҮЙҮНЧҮ: Көк бөрү ЮНЕСКОнун тизмесине кирди!

Түштүк Кореянын Чежу аралында материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 12-сессия болууда. Ал 4-декабрда башталган, 9-декабрда жыйынтыкталат. Аталган комитетте Кыргызстандын атынан Көк бөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизилгени боюнча Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кыргыздын «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпикалык үчилтиги, ала кийиз менен шырдак, айтыш өнөрү, боз үй, Нооруз майрамы, Сулайман-Тоосу кирген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.