Сайдулла Нышанов вице-спикер болууга татыктуубу?

Сайдулла Нышанов вице-спикер болууга татыктуубу?

“Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова вице-спикер болуп келген. Ал кызматынан өз каалоосу менен кеткен. Жогорку жактагылар кетирип алып эле «өз каалоосу менен кетти» дей беришет го… Алтынай Өмүрбекованын бул кызматтан кетишине көпчүлүк нааразы болушууда, ал жакшы иштегенин баса белгилеп айтышууда.

Алтынай Өмүрбекованын ордуна, вице-спикерликке башка фракциялар өз депутаттарынын талапкерлигин көрсөтүүдө. Бүгүн “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Мирлан Бакировду сунуштай тургандыгы маалым болду. Буга чейин “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Курманкул Зулушевдин жана “Ата Мекен” фракциясынан Сайдулла Нышановдун талапкерлиги каралып жатканы кабарланган. Ушул үчөөнүн кимиси вице-спикерликке татыктуу? Нышанов “Кыргыз Эл Баатыры” наамын Атамбаевге берүү керек” деп сунуш көтөргөнү менен алигүнчө элдин эсинде. Өмүрбек Текебаевдин маселеси боюнча бир дагы жолу «ал туура эмес отурат, эч нерсе далилденген жок» деп маселе көтөргөн эмес. Анан ушундан кийин бул адам ушул орунга татыктуубу?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.