Жоомарт ТЕҢИЗБАЕВ: “Порновидео, сүрөт тараткан сайттардын жабылышын талап кылабыз!”

Жоомарт ТЕҢИЗБАЕВ: “Порновидео, сүрөт тараткан сайттардын жабылышын талап кылабыз!”

Ушундай талап менен бүгүн жаш активисттер: Ж.Теңизбаев, А.Катаганов, С.Тайчабаров журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, алар порнографиялык видео тараткан интернет-сайттарга нааразычылыгын билдиришти. Алардын айтымында, сексуалдык сүрөттөрдү, тасмаларды тараткан интернет-сайттар балдардын психологиясына зыян келтирүүдө. Кыргызстандын аймагындагынын баарына тыюу салууну бийликтен талап кылып жатышканын айтышты.

Жоомарт Теңизбаевдин айтымында, мектеп окуучулары телефон, компьютерден ошондой сайттарга кирип, алардын аң-сезими бузулуп, агрессивдүү болуп, моралдык жактан бузулуп жатат. “Ошондуктан ата-энелер балдарына телефон бербей эле коюшса жакшы болмок эле”,-дейт Жоомарт Теңизбаев.

Негизи туптуура маселе көтөрүштү. Бирок, кантип аны менен күрөшөбүз? Себеби, бул буга чейин көтөрүлгөн. Бирок, жыйынтык болгон эмес. Себеби, порновидео, сүрөт тараткан интернет-сайттардын кеңселери чет өлкөдө жайгашкан. Алар ар кандай жолдор менен Кыргызстанда ишин улантып келет. Ошондуктан, ар бир ата-эне өз балдарын көзөмөлгө алса эле токтойт го дейм. А сиздер кандай дейсиздер?

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.