СЕНСАЦИЯ! Гүлнур ЖАЛИЛОВА, Чубак ажынын мыйзамдуу аялы: “Менин жана балдарымдын өмүрү коркунучта”

СЕНСАЦИЯ! Гүлнур ЖАЛИЛОВА, Чубак ажынын мыйзамдуу аялы: “Менин жана балдарымдын өмүрү коркунучта”

Чубак ажы Жалиловдун биринчи, мыйзамдуу жубайы Гүлнур Жалилова өзүнүн жана балдарынын өмүрү коркунучта экенин айтып, “Сезим” кризистик борборунан жардам сурап кайрылган. Анда мындай деп жазылат:

“Мен, Жалилова Гүлнур Турдалиевна, 1982-жылы 17-июлда төрөлгөм. Мен жолдошум Жалилов Чубак Тажибаевич экөөбүз 17 жыл жашадык, ортобузда беш балабыз бар. Мен өзүмдүн жана балдарымдын жашоосунан (өмүрүбүзгө) корком. Күйөөм экөөбүздүн жашообуз жакшы болбой жатат. Күйөөмдүн балдарды өлтүрөм («чычкандын уусун берип») деген сөзүнөн улам корком. Бул адамдын тапанчасы (пистолети) да бар. Азыркы болуп жаткан окуялар да мага жана балдарыма зыяны тийип калабы деп корком. Күйөөм мен балдарым менен жашаган үйгө келишин каалабайм. Балдарыма айына бир эле жолу көрүүсүн каалайм. Балдарымдын башын айлантып, окууларына ушул окуялар абдан тоскоол болуп жатат. Тиешелүү органдар мага жардам берүүңүздөрдү суранам”,-деп жазып, аягына (07.12.2017-жыл) датаны коюп, кол койгон.

Гүлнур Турдалиеванын мындай арызы орус тилинде интернет булактарга тарап кетти. Муну тактоо үчүн «Сезим» кризистик борборуна чалсак, бир кыз алып, «муну жетекчи гана билет, биз билбейбиз»,-деди.

Биз муну териштирүүгө алдык. Эртең кошумча маалымат беребиз. 

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.