Германиядан кыргыз бала Аскар Акаевди жумуртка менен урду (ВИДЕО)

Германиядан кыргыз бала Аскар Акаевди жумуртка менен урду (ВИДЕО)

Кечээ, 9-декабрда KyrgyzClub-Germany уюму экс-президент Аскар Акаев менен жердештеринин жолугушуусун уюштуруп, Германияда иштеп-окуп, жашап жатышкан кыргыздарды чакырышкан. Иш-чаранын башкы максаты — соцтармактар аркылуу комментарий жазуу менен гана алек болбостон, Аскар Акаевге каалаган суроолорду берип, жооп алып, өз ойлорун ортого салуу эле.

Жолугушуу ишке ашканы менен, сырттан мейманкананын алдынан жолугушууга келгендерге ары жактан басып келишкен А.Акаев, жубайы Майрам Акаева жана кызы Бермет Акаева учурашып, экс-президент орусча сүйлөй баштаганда, топтолгондордун арасынан кимдир бирөө: “Кыргызча сүйлө!” деп кекете баштайт. Акаев ага: “Мага өктөм сүйлөбөңүз, Кыргызстанда эмессиз” деп өз сөзүн улантат.

Видеодо көрүнгөндөй, кыйкыргандары түшүнүксүз болуп, “Акаев кет” деген плакаттары гана көрүнгөндөй болот. Ошондо Аскар Акаев кеткенче шашканда (видеонун 3.10 мүнөтүндө), бирөө жумуртка менен уруп жиберген, бирок тийбей калган. Ошондо кызы Бермет Акаева жумуртка менен урган балага жакын барып, уруша кетип, колундагы сумкеси менен ургулап жиберген. Буга дароо полицейлер көңүл буруп, иштин чоо-жайын сурамжылай баштаган. Экс-президент үй-бүлөсү менен артын карабай кетип калышкан. Видео

Эрзат МЫРЗА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.