Акин ТОКТАЛИЕВ, адвокат: “Чубак ажы жакында баарын ачык айтат”

Акин ТОКТАЛИЕВ, адвокат: “Чубак ажы жакында баарын ачык айтат”

Бир жактуу болуп калбасын деп Чубак ажы Жалиловго телефон чалсак, ал такыр эле трубкасын көтөрбөйт. Дайыма ажынын адвокаты Акин Токталиевге кайрылып келебиз. Бу жолу дагы суроолор менен кайрылдык.

— Акин мырза, Чубак ажынын мыйзамдуу жубайы Гүлнур Жалилова милицияга, “Сезим” кризистик борборуна “менин жана балдарымдын өмүрү коркунучта” деп жардам сурап кайрылыптыр. Бул боюнча Чубак ажыны суракка чакырыштыбы?

— Чубак ажы мынча неге журналисттерди кызыктырды? Мисалы “президенттин деле экинчи жашыруун аялы бар. Ал Жогорку Кеңеште бир кызмат бөлүмүндө иштейт. Андан эркек баласы бар экен” дешет го. Бул жөнүндө маалыматыңар барбы?

— Кайсы президентти айтып жатасыз: мурункубу же жаңы эле болгонбу? Далилиңиз бар болсо, аттарын тагыраак айтсаңыз?

— … Клара деген атты жана “баласы бар” деген имишти гана угуп жатам. Жакында тактап беришет.

— Журналисттер имиш менен иш алып барбайт. Биз Чубак ажы өзү экинчи аял алганы боюнча жарыя кылды, мыйзамдуу аялы да арыз жазды. Бул факт. Ошону тактап жатабыз. Гүлнур Жалилованын үйүнө барып абалын сурадык. “Мен бу боюнча тиешелүү жерге барып жооп бердим”,-деди. Тиешелүү жерлер: ШИИБ да, “Сезим” кризистик борбору дагы тастыктады. Бул дагы факт. Чубак ажыдан сурайлы деп чалсак, такыр эле телефонун албайт. Анан сизге кайрылып жатабыз. Эмнеге бул боюнча Чубак ажы жооп бербей жатат?

— Чубак ажы жакын арада конференция бербейт. Ал азыр даярданып жатат, кичине тыңып алсын, анан баарын ачык айтат. Бүгүн, эртең дебейм, Кудайдын буйруган күнү бул боюнча пресс-конференция берет. Жана эки депутат аялды жана обу жок Чубак ажыга асылгандарды биз сотко беребиз.

— Эмнеге?

— Жалган маалымат тараткандыгы үчүн.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.