Камчыбек Ташиевдин депутат иниси Шайырбек Ташиев эмнелерди айтты?

Камчыбек Ташиевдин депутат иниси Шайырбек Ташиев эмнелерди айтты?

Белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев Жалал-Абаддык шаардык кеңештин депутаты. “Эл журтка кызмат кылайын” деген ниети менен депутат болгонун, Камчы акесинен ага катары саясатта да, турмушта да кеңеш сурап турарын айтып бериптир.  

—Шайырбек Кыдыршаевич, кандай максатта шаардык кеңешке депутат болуп аттандыңыз?

—Депутаттыкка аттануумдун себеби Жалал-Абад шаарына, Кыргызстанга кызмат кылуубузга кичине болсо дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүк болот. Бирок депутат болбой калган убакта деле элге кызмат кылып жүрөбүз. Кудай буйруса, мындан ары дагы дайыма эл үчүн иштейбиз.

—Жалал-Абад шаарына жаңы мэр шайлаптырсыздар. Жаңы мэрге канчалык деңгээлде сиз ишеним арта аласыз?

—Ал киши ушул убакытка чейин шаарды башкарып келген. Анын Жалал-Абаддын өнүгүшүнө кошкон салымы аябай чоң. Депутаттардын жардамы менен дагы деле жакшы иштерди кылат деген ойдомун. Буга чейин шаардык кеңеште кандай мамиледе иштеп келди билбейм. Азыркы түзүлгөн коалиция менен ынтымакта көп иштерди алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

—Жаңы келген президентке ишеним арта аласызбы?

—Сооронбай Шарипович үгүт ишине аттангандан баштап өлкө башына келсе мамлекетти оңдойт деген чоң ишеним менен кошо чуркадык. Эртең, бүрсүгүнү болбосо дагы, алдыдагы жылдарда Кыргызстан өнүгүп кеткенге негиз түзөт. Өзү жөнөкөй болгондуктан карапайым элге түз мамилеси жагат деп ишенем.

—Жалал-Абад шаарынын чоң көйгөйү эмнеде?

—Шаарыбыз бийиктеп өспөстөн туурасына өсүп кетти. Ошондуктан депутаттардын демилге колдоосу менен чоң кабаттуу үйлөрдү куралы деген пландарыбыз бар. Калган жактары өзүнүн нугу менен кете берет.

—Сизди көпчүлүк Камчыбек Ташиевдин иниси катары тааныйбыз. Саясатка өзү сизди таптаса керек?

—Ал киши коомдо кандай жүрсө үйдө деле ошондой жүрөт. Үйдө бизге кандай насаат айтса коомчулукта ошонун баарын пайдаланат. Чынын айтайын, мен саясатка аралашайын деген оюм деле жок. Болгону эл-журтка кызмат кылайын деген ниетим бар. Камчы акемден ага катары саясый жана турмуштук кеңештерди алып турам.

—Деги эле бийликтин баардык бутактарына жаштар келсин деген талап өсүүдө. Буга пикириңиз кандай?

—Жаштардын келгени жакшы. Баардык мамлекеттин тагдырын жалаң жаштарга карматкан дагы болбойт. Улуу муундун дагы кеңешин алып иштөө зарыл. Анткени алар жакшы жаман эмне экенин эң мыкты билишет. Өзүбүз эле иштейбиз, жаштар гана иштесин деген ой жаштыкка алдыруу болуп эсептелинет.

Маектешкен Сезим МУРАТАЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.