Экс-депутат Карганбек Самаков он жылга кесилди

Экс-депутат Карганбек Самаков он жылга кесилди

Мындай өкүмдү кечээ, 19-декабрда, Октябрь райондук сотунда сот Дамирбек Назаров чыгарды. Экс-депутат Карганбек Самаковду, Курманбек Бакиевди, Жаныш Бакиевди он жылга, Кубанычбек Самаков, Эрнис Койчуманов, Урмат Нурдинов, Абай Таштанбеков, Аликбай Сариевди 8 жылга кести. Ал эми “Бир бол” партиясынын депутаты Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер Искендер Айдаралиевди 5 млн сом айып пулга жыкты.

Эскерте кетсек

Карганбек Самаков жана башка адамдарга кылмыш иши 2015-жылы 14-майда козголгон. Аларга “2008-жылы Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган” деген айып тагылган.

Карганбек Самаков айыпты четке кагып келген

Ал эми экс-депутат Карганбек Самаков баласы экөөнө тагылган айыптарды четке кагып, трансформацияланган жерди төртүнчү болуп сатып алганын баса белгилеп, өзүнө коррупция боюнча коюлуп жаткан дооматтарды негизсиз деп келген. Кечээги сотто да Карганбек Самаковго акыркы сөз берилгенде ушуну айтып, эч кандай күнөө жок болгондон кийин актоону суранды. Бирок, эч нерсени эске алынбаган сот билген өкүмүн чыгарды.

Прокурор болсо уялбай 19 жыл сураган

Прокуратура Карганбек Самаковду класстык чинден ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 19 жылга күчөтүлгөн тартипте абакка кесүүнү суранып келген. Ал эми Кубанычбек Самаковду, Эрнис Койчумановду, Абай Таштанбековду 18 жылдан, Чудинов, Айдаралиев, Ногоевди 11 жылдан, Курманбек Бакиевди 30 жылга, Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратуу керек экенин билдирип, “алардын күнөөсү толук далилденди” деп эсептеген.

Мына окурман, “Кудайга койдук, жакшылыктан үмүт үзбөйбүз” деп Карганбек Самаковдун үй-бүлөсү сүйрөлгөн соттун акырына чейин үмүт кылып келген. Соттун кылганы болсо бул. Жаңы президент келгени менен эски эле нерселер кайталанууда. Эч өзгөрүү жок. Сот далили жок дагы деле  Самаковго окшогон ак адамдарды соттоодо. Баягы, баягылар эле болууда…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.