Эркингүл ИМАНКОЖОЕВА, экс-депутат: “НТСти жабуу — сөз эркиндигине болгон кысым”

Эркингүл ИМАНКОЖОЕВА, экс-депутат: “НТСти жабуу — сөз эркиндигине болгон кысым”

Экс-депутат Эркингүл Иманкожоевага кайрылып, НТС телеканалынын тегерегинде болуп жаткан жагдай боюнча оюн сурап, жооп алдык.

“НТС телеканалын жабуу, сөз эркиндигине болгон кысым, бийликтин оппонентине болгон өч алуусу деп эсептейм. Кыргызстанда көз карандысыз, болгон чындыкты, бийликке сын айткан ММК болобу? Же элди иренжиткен, бир жактуу берген, калпты чындай айткан, бийликтин кетменин чапкан гана телеканалы болуш керекпи? Алгач заматтын ичинде “Жалбырак ТВны” жабышты эле. Эми кезек НТСке келдиби? Мындай мамилелери менен азыркы бийлик өздөрүнө чоң бир көр каза башагандай!”,-дейт Эркингүл Иманкожоева.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.