Алайда 5 баллга жеткен жер титирөө болду

Алайда 5 баллга жеткен жер титирөө болду

Бул тууралуу ӨКМнин Басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, бүгүн, 26-декабрда, түнкү саат 03:02де Алайда жер силкинген. КРнын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ош облусунун Алай районунун аймагында очогунда күчү — 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Алай районунун Бор-Дөбө, Нура, Икизяк, Иркештам айылдарында 4 балл, Кара-Киндик айылында — 3,5 балл жана Арча-Булак,Сары-Таш айылдарында — 3 балл сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.