Төрт күн Жаңы жыл болот

Төрт күн Жаңы жыл болот

2018-жылдын 2-3-январы эс алуу күндөрү деп жарыяланды. Мындай токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Ошентип төрт күн (31-декабрда жана 1-2-3-январда) эс алуу болот. 2-3-январдагы иш күнү 30-декабрга жана 8-январга которулду.

Урматтуу кыргызстандыктар! Баарыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! Ит жылын жакшы тосуп алыңыздар! Дасторконуңуздарда нан болсун, кампаңыздарга дан, өрүшүңүздөргө мал толсун!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.